Улуттук банк валюта рыногундагы жагдай боюнча билдирүү жасады

Улуттук банк валюта рыногундагы жагдай боюнча билдирүү жасады. Анда Улуттук банк ички валюта рыногун катуу жөнгө салбайт, алмашуу курсу боюнча кандайдыр чектерди, аралыктарды белгилебейт жана чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун тенденцияларын аныктабай турганы айтылат. Себеби Кыргызстанда алмашуу курсу белгиленген болуп саналбайт, ал чет өлкө валютасын сатып алуучулар менен сатуучулар ортосунда өздөрүнүн керектөөлөрүнө жараша аныкталат.
Улуттук банк дагы валюта рыногунун катышуучусу болуп саналат, ал башкалардан айырмаланып, доллардын алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө жана валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында өзүнүн функциясына жараша иштерди жүргүзөт (чет өлкө валютасын сатып алат жана сатат).
Акыркы учурда ички валюта рыногунда доллардын алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсү - тышкы финансы рынокторунда белгисиздик, Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндө өзгөрүлмөлүүлүк сакталып тургандыктан, психологиялык факторго байланыштуу болуп жатат.
2022-жылдын башынан тартып 13-апрелге чейин алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, Улуттук банк 284, 30 миллион доллар суммасына чет өлкө валютасын сатуу боюнча беш интервенция (алардын ичинен 66,65 миллион доллары нак түрдө сатылган) жана 19,90 миллион доллар сатып алуу боюнча эки интервенция жүргүзгөн. Жыйынтыгында таза сатуу 264,40 миллион долларды түздү.
Экономикалык коопсуздукту, финансы жана банк системаларынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында, Улуттук банк тарабынан бир катар чектөө чаралары белгиленген: финансы-кредит уюмдары тарабынан накталай долларды чыгаруу убактылуу токтотулган, сомго карата орус рублинин расмий курсунун рыноктук курсу белгиленген, финансы-кредит уюмдары үчүн казак теңгесин сатып алуу курсу убактылуу төмөндөтүлгөн (Казакстан Республикасынын аймагына товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттогон жактардан тышкары), финансы-кредит уюмдары үчүн теңге боюнча операцияларды жүргүзүү көлөмү убактылуу чектелген.
Улуттук банк кабыл алынган өзгөрүлмөлүү режимин мындан ары да улантат, зарылчылык келип чыккан учурда, курстун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына ылайык тиешелүү операцияларды, анын ичинде валюталык интервенцияларды жүргүзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан