Түнкү клубда жаш жигитти сабап, тапанчадан ок чыгарып коркуткан депутат кармалды

Түнкү клубда жаш жигитти сабап, тапанчадан ок чыгарып коркуткан депутат кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-апрелде Каракол шаардык милициясына 19 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Ал түнкү клубда "Чуба" жана "Дани” аттуу эки адам аны эч себепсиз эле ур-токмокко алып коркутканын билдирген. Арызында "Дани” аттуу адам аны муунтуп сабаганын, экинчиси "Чуба" бул учурда аны тапанча такап коркутуп, бутун көздөй ок чыгарганын жазган.

Милиция бул окуя боюнча “бейбаштык” беренеси менен иш козгогон. Көп узабай шектүүлөрдүн бири кармалган. Ал 27 жаштагы К.М. аттуу Каракол шаардык кеңешинин депутаты болгон. Анын жанынан белгисиз үлгүдөгү тапанча жана шаардык кеңештин депутаты деген күбөлүк табылган.

Депутат күнөөнү толук моюнуна алган, азыр убактылуу кармоочу жайда кармалып турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан