Чүйдө 49 жаштагы жаранды отвёртка менен коркутуп, карактап кеткендер аныкталды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 49 жаштагы жаранды отвёртка менен коркутуп, карактап кеткенге шектүүлөр кармалды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан белгилешкендей, кол салуу 14-апрелде Ак-Жар конушунда болгон.

Белгилүү болгондой, 49 жаштагы жаран милицияга арыз менен кайрылып, көчөдөн белгисиз адамдар ага күч колдонуп, отвёртка менен коркутуп жанындагы 6000 сомун, айдоочулук күбөлүгүн тартып алганын айткан.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 207-берене (каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

"Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1986-жылы туулган Д.А. жана 1984-жылы туулган О.Ж. жогорудагы кылмышка шектелип кармалышты. Учурда шектүүлөр Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан