"Колумдан келген аракетти жасадым". Айсулуу Тыныбекова кыргыз элине кайрылуу жасады

Монголиянын Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова күмүш медалга ээ болду. Ал сыйлык тапшыруу аземинен кийин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, элине колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
"Урматтуу кыргызстандыктар! Бүгүн менин Азиянын бешинчи жолку чемпиону болууга мүмкүнчүлүгүм бар эле.
Колумдан келген аракетти жасадым. Эки жолку кармашта утуп, финалга да жеттим. Тилекке каршы, чечүүчү мүнөттөргө келгенде жаракат алып калдым. Профессионалдуу спортто мындай учурлар болот экен.
Өтө көп жазганга шартым болбой турат. Бирок ошентсе да колдоолор үчүн чоң рахмат! Колдоолорду мен ар дайым сезип келем жана дал ошол колдоолор мага дем берет.
Менин эң негизги шыктануу жана эргүү алуучу булагым - силерсиңер!", - деп жазды спортчу.
Айсулуу Тыныбекова финалда бутунан жаракат алып калгандыгына байланыштуу сыйлык тапшыруу аземине Айпери Медет кызы чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан