Чүй облусунун Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин орун басары пара берүүгө аракет кылган учурунда кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.
Атайын кызматтан билдиришкендей, ал мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдуулугун текшерүүнү токтотуу максатында УКМКнын ыкчам кызматкерине 20 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.
Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.