Бишкекте 21-апрелден бери дайынсыз болуп милиция тарабынан издөөгө алынган эне менен кызы Токтогулдан табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, дайынсыз болуп жаткан эне менен кыз 23-апрель күнү саат 19:15 чамасында аман-эсен табылган.
"Учурда милиция иштин бардык жагдайларын иликтеп жатат", - деп билдиришти Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн.
Буга чейин Бишкектеги ЖЭБ-2 конушунда жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан эне жана кызы изделип жаткандыгы кабарланган.