"Тазалык" муниципалдык ишканасы күн сайын шаарды иретке келтирип, тазалоо иштерин аткарышат. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан белгилешти.
Маалыматка ылайык, күн сайын тазалоо иштерин 42 атайын техника менен 636 тазалоочу жана 103 жүктөгүч иш алып барат. Андан тышкары катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн линияда 43 атайын техника тартылып, 99 жүктөгүч иштеп жатат.
"Үйдүн, дүкөндөрдүн, жумуш кеңселердин жанына таштанды таштабаңыздар, тазалыкты сактаңыздар", - деп жазылат маалыматта.