Депутат офицердик курамдын аскердик кызматтагы курагын узартууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев офицердик курамдын аскердик кызматта болушунун жаш курагын узартууну сунуштады. Бул тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Офицердик курамдын аскердик кызматта болушунун чектүү курагы төмөнкүдөй белгиленет:

  • капитанга чейин кошо алганда - 45 жаш;
  • майорлорго - 50 жаш;
  • подполковниктерге – 53 жаш;
  • полковниктерге - 53 жаш;

Ага ылайык, физикалык көрсөткүчтөрү боюнча аскер кызматчылары аскер кызматынын бардык түйшүгүн белгилүү убакытка чейин көтөрүүгө жөндөмдүү, бул курак азыркы аскер кызматында болуунун мөөнөтүнөн ашык.

"Аскер кызматчыларынын офицердик курамынын 90 пайызы ЖАОЖдо билимди мамлекеттин бюджетинин эсебинен алышып, мамлекеттин эсебинен камсыздандырыла тургандыгы аскердик кызматта болуунун мөөнөтүн узартууну негиздөө үчүн маанилүү фактор болуп саналат. Аскер кызматчыларынын офицердик курамынын арасында өз өмүрүн мекенге кызмат кылууга арнаган, жаш офицердик курамга өзүлөрүнүн чогултулган билимин жана тажрыйбасын үйрөтүүгө даяр жогорку квалификациялуу профессионал кадрлар бар", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.

Укук коргоо органдарында кызматта болуунун чектелген курагы төмөнкүдөй:

1) жогорку жетекчилик курамдын наамдары бар кызматкерлер:

  • 60 жашка толгондо отставкага бошотулат;
  • 55 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

2) укук коргоо органдарынын окуу жайларында профессордук-окутуучулук курамында кызмат орундарды ээлеген жана илимдин кандидаты, илимдин доктору илимий даражасы, доцент, профессор илимий наамы бар кызматкерлер - 60 жашка толгондо отставкага бошотулууга жатат;

3) ортоңку жана улук жетекчилик курамдын наамдары бар кызматкерлер:

  • 55 жашка толгондо отставкага бошотулат;
  • 50 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

4) кенже жетекчилик курамдын наамдары бар кызматкерлер:

  • 50 жашка толгондо отставкага бошотулат;
  • 45 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

5) катардагы жана жетекчилик курамдын атайын наамы бар аялдар 45 жаштан запаска бошонууга укуктуу.

"Андан сырткары КМШ өлкөлөрүнүн коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын анализдөөнүн жыйынтыгы боюнча Орусия жана Казакстанда аскер кызматчылардын чектүү курагы Кыргыз Республикасына караганда жогору экендиги аныкталды. Андыктан аталган өлкөлөрдүн Куралдуу күчтөрүндө жана башка аскердик түзүмдөрүндө кадр потенциалы эффективдүү жана натыйжалуу колдонулат.

Ошондуктан азыркы убакта офицердик курамдын аскердик кызматта болушунун чектүү курагын узартуу муктаждыгы келип чыгууда. Ал Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө жана башка аскердик түзүмдөрүндө, офицердик курамдын кадр потенциалынын деӊгээлин көтөрүүгө, Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоого оӊ таасирин тийгизет", - деп жазылат документте.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан