Баткендеги журналисттин өлүмү: Активист Роза Маманова суракка чакырылды

Активист Роза Маманова Ош облустук ички иштер башкармалыгына суракка чакыртылды. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Активист Баткенде каза болгон журналист Арзыгүл Галымбетованын иши боюнча күбө катары суракка чакырылган.

Маалымат үчүн:

Журналист Арзыгүл Галымбетова 37 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Анын өлүмү боюнча Баткен облусунун телеканалы укук коргоо органдарына кайрылып, иликтеп берүү өтүнүчүн келтирген.

Журналист Арзыгүл Галымбетова каза болордон 2 күн мурда милицияга кайрылып, аброюна шек келтирди деген блогердин үстүнөн арыз жазган. Андан кийин 33 жаштагы блогер кармалып, бир айга камакта калтырылган. Кийинчерээк шектүү Батмакан Жолболдуева өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып, кан тамырын кескен.

21-апрелде Ош шаардык сотунда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып жатканы маалым болгон. Ошондой эле Батмакан Жолболдуеванын үстүнөн 4 берене боюнча кылмыш изи козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан