"Стресстен". Алымкадыр Бейшеналиев Акылбек Жапаровдун абалын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу SUPER.KG порталына саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

"Бүгүн саат 7де Акылбек Жапаров кардиологияга түштү. Биз Жапаровду томография жана башка текшерүүлөрдөн өткөрдүк. Анын кан басымы дагы түшүп кетиптир. Учурда абалы канааттандырарлык. Анын оорусу көп ойлонгондон, стресстен болот", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Бүгүн, 28-апрелде министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Акылбек Жапаров жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу ооруканага түшкөнүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан