Эне тилге эки мүнөт: "Кекиртеги талга асылуу" фразеологизми кайсы учурда колдонулат?

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында "азуусун айга жаныган", "кекиртеги талга асылуу", "кабыргасы ачылбаган" жана "ичине кара таруу айланбаган" фразеологизмдерин чечмелеп көрдүк. Аталган фразеологизмдердин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешелиев түшүндүрүп берди.

"Азуусун айга жаныган" - Каарын төккөн, жаалданган, заарын чачкан деген мааниде айтылат. Мисалы: Кезинде азуусун айга жаныган Арстанаалы кылычынын курчтугун байкаш үчүн адамдын башын алдырган экен (Түгөлбай Сыдыкбеков).

"Кекиртеги талга асылуу" - Ач калуу, наар албоо, даам сызбоо деген мааниде колдонулат. Мисалы: Эртеден кечке кекиртегибиз талга асылды, кечке жуук гана өзөк жалгадык.

"Кабыргасы ачылбаган" - Семиз, абдан семиз, жону билинбеген деген мааниде. Негизинен мал-жандыктарга карата колдонулат. Мисалы: Мал кабыргасы ачылбаган бойдон кыштан чыгат. (Насирдин Байтемиров).

"Ичине кара таруу айланбаган" - Өзүнөн башкага жакшылык каалабаган, бирөөнүн ийгилигин, жакшы жагын көрө албаган, ага ичи тардык кылган терс мүнөздөгү адамдарга карата айтылат. Мисалы: Өзүнчө эле туталанып, куйкасы курушуп, итатайы тутулуп кеткен, ичине кара таруу айланбаган, териси тар адамдар болот (Жакып Медетов).


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан