Ошто кондитердик азыктан 30дан ашык адам ууланды

Ошто кондитердик азыктан 35 адам ууланды. Анын ичинен 18и 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.

Алардын айтымында, окуя кечээ, 1-майда катталган.

"Текшерүүдө тургундар Кара-Суу районундагы "Сахобот" кондитердик цехинде жасалган таттуу токочтон ууланышканы белгилүү болду. Цехке пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары иши токтотулуп, аталган таттуулар дүкөндөрдөн алынып жатат.

Бардык жабырлануучуларга биринчи жардам көрсөтүлдү. Учурда 14 бала дарыланууда. Абалдары канааттандырарлык", -деп билдиришти мекемеден.

Ошондой эле аталган факты боюнча териштирүү иштери уланып жатканы белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан