SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы акын Кыял Тажиева.
СИЗГЕ АЙТПАЙ
Жумшак сүйлөп, аяр салам бергеним,
Урматтаймын, сизди сыйлайм, дегеним.
Алдыртадан тиктеп тура бергеним
Билдирбестен сиз деп азап жегеним.
Сизди карап, жарк деп күлө бергеним,
Жарыялай сизди сүйөм дегеним.
Жөн жай эле суроолорду бергеним
Мени дагы сүйөсүзбү дегеним.
Жаныңызда, бирок жетпей ызамын.
Сагынычта жүргөн жандай кусамын.
Сыр бербестен колум кыссаң мен анда
Байкатпастан кучагыма кысамын.
Кыялымда жан дүйнөмө гүл өнүп,
Сизди ойлоп миң толгонот жүрөгүм.
Тунук сүйүүм сакташ үчүн түбөлүк
Сизге айтпай, сизди сүйүп жүрөмүн.
"Ушул ырды мен аябай жашы көрөм. Бул ыр менин чагылгандай курчтугумду, Кыял деген аттуу шамалдай таза аруулугумду анан гүлдөй желбиреген назиктигимди баарын өзүнө сыйдырып турат. Мурда ыр жазып жүргөнүм менен, ушул ыр аркылуу поэзия дүйнөсү мени кучагына алган. 2010-жыл болчу. Роза Отунбаева убактылуу Өкмөт болуп, анын кеңешчиси беле же Маданият министри беле эсте жок Султан Раев аганын жетекчилиги менен поэзия кечелери уюштурулуп жаткан. Нурлан Калыбеков агам (өнөрдөгү бир тууганым) ушул ырымды жактырып, поэзия кечесинде ушул ырды оку деди. Анда деген желектей желбиреп, делбиреп жүргөн убагым да. Актриса болгум келчү, бирок болбой калган үчүн ушул сахнада ырды көркөм окуган мага өтө жагаар эле. Ойлосом, өзүмдүн ырымды акын катары эң биринчи жолу ошондо окуптурмун. Менин кезегим келип ырды окуй баштаганда ыр менен кошо жашап образга кирип кетмей адатым бар да. Анан залды карасам Роза Отунбаеванын жанында Султан Раев отурган экен. Эми ага кайрылып, ырымдын каарманы кылып окуп жатам. Анда да жөн окубай, актрисалардай аябай аткарып окуп жатам. Ыр окулуп бүткөн соң элдин баары кыраан-каткы күлүп, дуулдатып кол чаап жатышат. А Султан Раев болсоменин өнөрүмө таазим кылып ордунан туруп алып кол чапты. Мен бул улуу адамдарга ырым менен, өнөрүм менен жакканыма сүйүнгөнүмдү сурабаңыз. Кечеден соң Султан ага, келинчеги, кызы менен тааныштым. Чын эле келинчеги жаман ойлоп калган жокпу деп сарсанаа да болдум. Ошондо улуу адамдын аялы да улуу болоорун билдим. Жаркылдап, кызы экөө тең башка жазган ырларым тууралуу да сурашып, укмуш бир сонун маанай тартуулашкан.
Кийин Нурлан агай сурап жатпайбы:
- Ой жөн жүрбөйсүң да, ырды чын эле Султан Раевге арнадың беле?
- Жок ай, аны биринчи көрүшүм.
- Анда неге туруп алып кол чапты?
- Залда өзүнөн башка эркек жок деп ойлосо керек да - деп каткырдым.
Кандай гана курч, тамашакөй, эч нерседен шек санабаган, деги эле эч нерсени уруп ойнобогон укмуш бир учур экен да. Кийин Султан Раев агай менен чыгармачылык тыгыз байланышта болдум. Анын чыгармалары да, өзү да менин чыгармачылыгымда өтө маанилүү орунду ээледи. Ошол окуя улам убакыт өткөн сайын мааниси артып, символдуу, бир ыйык күнгө айланып барат. Кудай сүйгөн өнөр адамы аркылуу мага Кудай таала өзү ошондо менин өнөрүмө кол чапкандай кабылдап, ырым кылам. А ыр чынында илгери жазылган болчу. Бирок, өзүм ачык-айрым жүргөнүм менен сырымды да, ырымды да оңою менен сыртка чыгара бербеген жан элем".
ТООЛОРГО
Аруу дүйнө амансыңбы, барсыңбы?
Арман толо, сага айтайын кайсымды.
Көр тирликтин кечип-кечип баткагын,
Качып келдим бир карабай артымды.
Турам мына турушуңдан көз албай,
Төргө өт дейсиң, бутум жаман чече албайм.
Буйрук апам сатып берген өтүгум,
Бир кездерде мага кылып кечирим,
Дал ушунун таманына жазылган,
Өкүнүчүм, бакытымдан кечигүүм.
Тар бутумду чечким келип күймөлдүм.
Чечилчүдөй түйүндөрү дүйнөмдүн.
Чыдайм, чечпейм ушул менин бакытым
Мен турмушка баш ийгенди үйрөндүм.
Улуу тоолор койнунду аччы, сырдашчы,
Жылбай туруп, жылытканың ай жакшы,
Мен жок деле аруу бойдон турасың,
А мен сенсиз жүрөгүмдү чаң басты.
Алка-шалка төккүм келип бугумду,
Тоң денеңе тоң мүнөзүм жуурулду.
Ый токтобой, көз жаш менен чубалып,
Көкүрөктөн көргөн күнүм суурулду.
Кучагымды кенен ачып айлана,
Бийигине, ыйыгына байлана,
Тизе өйдө карын кечип бараттым,
“Аруулугуң жүрөгүмө саймала”.
Бир үн чыкты, жалт карадым артымды
Бала ыйы күлкүсүнө катылды,
Бак дүйнөсү көр тирликке аралаш
Дал ушинтип басып келет асылды.
Сени унутуп ошол үнгө күймөлдүм.
Мен кандаймын, кайда, кайсыл үйдөмүн.
Өзүн сезгин, өзүн баалап, өзүң чеч,
Ал-абалын мен кечирген күндөрдүн.
Эсим кирди, эскирди да бу башым.
Мезгилдерди а сен кантип туясың?
Селки элем, а мен алгач көргөндө
Тоо болчусун, тоо эле бойдон турасың?
Тоо болчусун, тоо эле бойдон турасың.
Мезгилдерди а сен кантип туясың?
КҮҮГҮМҮМ
Шорум менин, шооласынан күн өлгөн,
Шоокумуңан мин төрөлүп, миң өлгөм.
Кайда катам, кайда сени жашырам,
Кантем мени көмөлөнүп жашыган?
Кайда барам, кайда, кайда, басынам.
Билбестирсиң айрый билип көп элден
Арманымды артка кайтпай көгөргөн...
Анткени мен, сага өзү чөгөргөм,
Өтмүшүмдө сени менен бир өлгөм...
Күүгүмүм ай, күүгүмүм ай, күүгүмүм,
Кантип гана жетет болдук экенбиз,
Кадырына акыреттик сүйүүнүн.
Балким азыр менден кымбат сага азыр,
Колундагы, жанындагы буюмуң.
А сен мага айтпай келген улуу муң.
Сени таануу, сени билип асыроо,
Мага кыйын, жетпейт окшойт билимим.
Ал үчүн мен керек кайра тирилүүм.
Үчүнчү ирет кездешкенде таанырмын
Кайра келсем катарына тирүүнүн.
Чимирилем
Черт тирүүлүк,
Черт кылдарың, токтобо!
Мен күтпөгөн,
Мен укпаган,
Мен туйбаган
Обонуңду кайрычы.
Сезе да элек,
туя да элек жан киши.
Тап тирүүлүк, тап тирүүлүк,
Жүрөгүмдүн нотасын!
Ыргагында,
Жыргалында
Кылында
Чертип, кээде чертилип
Бир өмүрүм
Билгениндей жашасын.
Мага үйрөтпө,
Ыргагындай бийлей турган
Өз бийим бар эргиген.
Бийлебесем,
Анда неге келди элем?
Кара, кара, карасаң
Ап-апакай көйнөгүмдө парпырап,
Күндүн түшкөн жолу бар.
Мына ошол жолу менен
Кошо жанып, жаркырап
Чимирилем жер менен!