Учурда спорт дүйнөсүндө Дмитрий Бивол аттуу мушкердин аты катуу талкууланып жатат. Чүйдүн Токмок шаарында төрөлгөн мушкер учурда дүйнөдөгү эң мыкты боксчулардын тизмесинде экинчи орунга жайгашты. Албетте, мындай атактуулукка жеткен спортчунун бала чагы дагы эч кимди кызыктырбай койбойт. Мушкердин бала чагы жөнүндө атасы Юрий Бивол "Матч ТВ" телеканалына айтып берди.
Мушкердин атасынын айтымында, ал уулун эң алгач ушу-саньдага алып барган.
"Мен Молдовада төрөлүп өскөм. Сегизинчи классты бүтүргөндөн кийин Тверь облусуна окууга тапшырып, ошол жерден болочок жубайым менен таанышкам. Алгач кыздуу болдук, андан кийин 1990-жылы Дима (ред. Дмитрий Бивол) төрөлдү. Бирок техникумду бүтүргөндөн кийин мен аскерге, жубайым Токмокко кеткен. Балдарыбыз ошол жакта төрөлдү.
Токмок эң сонун шаар, күнөстүү, жыл бою жылуу. Бир тарабы Чүй өрөөнү, Тянь-Шань тоолору, бир тарабы Казакстан. Дима ушул шаардан бокска барган. Мен дагы жаш кезимде анча-мынча аракет кылып, бокс менен алектенчүмүн.
Дима 1-класска барганда мен аны секцияга бердим. Башында ушу-саньдага барчу. Анткени бокска жети жаштагыларды кабыл алчу эмес. Биз ал жакка бир-эки ай бардык, мен ал тургай Диманы бокс менен үйдө өзүм дагы машыктырып жүрдүм".
Балалыгы Токмоктун талаасында өткөн Дима
"Жайында талаада иштечүбүз. Үй-бүлөбүз корейлер менен молдовандар (Биволдун апасы корей улутунан). Корей эли талаада көп иштейт. Токмокто жерди ижарага алып, жазында пияз эгип, сатып, ушул акчага жашачубуз. Талаа бир нече гектарга бөлүнөт, 10 үй-бүлө өздөрүнө жер тилкесин ижарага алып, убактылуу алачык тигип алып, ошол жерде жашап, иштечүбүз.
Биздин талаа Токмоктон 10-15 чакырым алыстыкта болгондуктан, жумуштан кийин үйгө кайтып келчүбүз. Бирок ошентсе да күн сайын кечки саат 17:00дө Диманы машыгууга алып барчумун. Машыгуудан кийин кайра эле талаага кайтчубуз".
Алгачкы атаандашын "чайнек экен" деген
"Дима эң алгач өзүнөн эки жаш улуу бала менен беттешкен. Беттеш алдында ал мага "Мен ким менен беттешеримди билесиңби? Ал төртүнчү класс экен" деп айткан. Ал убакта Дима экинчи класста гана окучу. Биз машыктыруучуга бардык. Ал "мен ушул курактагы, ушундай салмактагы баланы таба албайм" деп айтты.
Машыктыруучу Диманын жанына келип "жүр, аны менен рингге чыгасың, менин айтканымды кыласың, эгер бир сокку өткөрүп алсаң, сүлгүнү ыргытып, сени ал жактан алып чыгабыз” деди.
Биринчи раунд жүрүп жатат, Дима аны менен кадимкидей эле беттешип, эч корккон жок. Тыныгуу учурунда Диманын машыктыруучусу: "Бүтүрөлүбү же боксту улантасыңбы?" деп сураганда Дима: "Жок, ал чайнек экен!" деп жооп берген".
Ошондон кийин дээрлик жеңилбей келген. Эсимде, Канттагы Орзубек Назаровдун залында өткөн мелдешке барганбыз. Ал жерден жергиликтүү мушкерге жеңишти берип койгон. 90-жылдардын аягында биз өзүбүз көчүп кетели деп ойлогонбуз, машыктыруучу дагы талантты өнүктүрүү керек, Казакстанга же Орусияга баргыла деп айта баштады. Студент кезимде мага да Петербург жакчу, ал жакка бир нече жолу баргам".