Ысык-Атада резонанстуу кылмыштын бетинин ачылышы: Милиция жарандарды чагымчыл аракеттерге алданбоого чакырат
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды резонанстуу кылмыштын бетин ачуу фактысы боюнча чагымчыл аракеттерге алданбоого чакырат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 11-майында жалпыга маалымдоо каражаттарында 2013-жылы жасалган резонанстуу кылмыштын бетин ачуу фактысы боюнча материалдар жарыялангандан кийин абийирсиз жарандар WhatsApp социалдык тармагы аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууну үгүттөп аудио билдирүү таратышкан.
Буга байланыштуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырат. Учурда 9 жыл мурун болгон адам өлтүрүү фактысы, мыйзам чегинде ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери тарабынан бардык зарыл болгон чаралар жүргүзүлүүдө.
"Улуттар аралык кастыкты козутуу белгилери бар материалдарды даярдоо жана таратуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" боюнча каралган. Ошондуктан Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Кыргызстандын жарандарына улуттар аралык кастыкты козуткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет", - деп жазылат билдирүүдө.
11-майда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Ысык-Атада мындан 9 жыл мурун болгон резонанстуу кылмыштын бети ачылгандыгын кабарлаган.

Зомбилерге окшоп бирөөнүн артынан ырылдап кете бербей.
Жанагы молдокелер да сүйлөй беришет. Капкаяктагы диний акырет жомокторду айтышып. Молдонун да ар бир сөзүн талдап, чындыка дал келеби, далили барбы, же жөн эле мифтерди айтып жатабы