реклама
super.kg logo

Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын президенти каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

 

Президент Садыр Жапаров Абу-Дабинин мураскор ханзаада шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга жана БАЭ вице-президенти шейх Мухаммед бин Рашид Аль-Мактумга БАЭ президенти Халифа бин Заед Аль Нахайяндын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

"Маркум шейх Халифа бин Заед Аль Нахайян Бириккен Араб Эмираттарынын дүйнөлүк аренадагы аброюнун жогорулашына, анын гүлдөп-ѳнүгүшүнѳ жана элинин бакубаттыкта жашашына эбегейсиз зор салымын кошуп кетти. Шейх Халифа биз үчүн өзүнүн даанышмандыгы жана камкордугу, айрыкча дүйнө жүзүндөгү муктаж адамдарга көрсөткөн боорукердиги жана кайрымдуулугу менен ар дайым үлгү болуп кала берет. Анын нарктуу сөзү, салмактуу ойлору жана жалпы адамзат үчүн жасап кеткен бардык асыл эмгектери ар дайым эсибизде түбөлүккө сакталат.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атыман сизге жана маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана Эмираттын боордош элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, азаңыздарды тең бөлүшөм", - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
191082;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: