“Уругвай өлкөсүнүн президенти Хосе Мухика – эң кедей президент” деп жазылат чет элдик маалымат каражаттарында. Анын минтип табылганынын да жөнү бар экен. Көрсө, 77 жаштагы президент алган айлыгынын (айлыгы 12 миң доллар) 90 пайызын кайрымдуулук иштерине жумшайт тура. Анан да ал президенттик резиденцияда жашоодон баш тартып, борбордон анча алыс эмес жайгашкан Монтевидеодогу фермасында жашайт. Эл катары эшигинин алдына тартылган кермеге кир жайып, кудуктан суу ташып ичет. Аялы экөө сатыкка деп атайын гүл да өстүрүшөт.
2010-жылы тапшырган декларациясында анын наамына баасы 1987-жылы чыгарылган 1800 долларлык Фольксваген Жук үлгүсүндөгү унаасы гана жазылган. Бул унаасы менен жумушка келип кетет. Аялынын наамына катталган 2 тракторду жана тамды кошкондо бул үй-бүлөнүн байлыгы 215 миң долларды түзгөн.
Ал жашоосу тууралуу “Мени эң кедей президент деп аташат. Бирок мен өзүмдү кедеймин деп эсептебейм. Кедейлер булар – жомоктогудай жашоого умтулган, өзү тойсо да, көзү тойбогон адамдар. Менин жашоом эң сонун. Бул жашоону өзүм тандап алгам” деп айтып келет.
Эске салсак, Хосе Мухика 2009-жылы Уругвайдын президенти болуп шайланган.