"Евровидение-2022" ыр сынагынын жеңүүчүсү украиналык "Kalush Orchestra" тобу аталды. Бул туурасында дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Ага ылайык, музыканттар "Stefania" ыры менен 631 балл топтоп, жеңишти камсыздаган. Экинчи орун Британияга буюрса, Испания үчүнчү орунга жайгашты.
"Евровидение-2022" сынагынын финалы Турин шаарында өттү. Бул жылы Орусия жана Беларусь өлкөлөрү катышкан жок.
"Евровидение" ыр сынагы 1956-жылдан бери өткөрүлүп келет жана 600 миллионго чейинки көрүүчүлөргө ээ болгон дүйнөдөгү эң популярдуу иш-чаралардын бири болуп саналат.