Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары бүгүн, 16-майда чукул маалымат жыйын өткөрүп, президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылуу жасашты. Анда Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев жана Жапаркул Ташиев министрди кызматтан кетирүүнү суранышты.
Алардын айтымында, акыркы күндөрү Алымкадыр Бейшеналиев туурасында жагымсыз маалыматтар тарап жатат. Ошондой эле министр кызматкерлерди коркутуп-үркүткөнүн белгилешти.
Маалымат жыйынга саламаттыкты сактоо башкармалыктарынын өкүлдөрү да катышты.
Буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев чет өлкөдө иш сапары менен жүргөнүн билдирген.