"Тамеки сатсаң 7 миң сом айып салынат". Бишкектеги киосктордун ишмердүүлүгүнө кысым болгону айтылды

Бишкек шаарындагы гезит саткан күркөлөрдүн ишмердүүлүгүнө кысым болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына гезит-журналдар ассоциациясынын мүчөсү Чынара Мырзабаева билдирди.

"Бишкек шаары боюнча 18 киоскту демонтаж кылуу боюнча Жер ресурстарын башкаруу кызматы тарабынан буйрук чыкты. Эмне үчүн демонтаж экени белгисиз. Борбордук көчөлөрдү тазалайбыз, ана-мына дей беришет. Элдин чөнтөгүндө акча барбы же жокпу аларды кызыктырбайт. Буга чейин "Бишкек башкы архитектура" жаңы эскиздерди ойлоп таап жаңырткыла деген. Аны атайын бир депутаттын ишканасынан чыккан жылтыраган материалдан жасагыла деп талап коюшкан. Анысы ары-бери көчкөндө түшүп калды. Анткени чоңдор келген учурда киоскторду ары-бери жылдырган жайыбыз бар. Ал эми киоскторду жаңылоо боюнча долбоор 300 миң сомду чапчыйт экен. Дүңүнөн жасатканда 190 миң сомду түзөт дешти. Азыр элде андай акча жок. Киосктордогу гезит-журнал жана концелярдык товарлардан башка эч нерсе сатпагыла деген талап коюшкан. Тамеки сатсаң 7 миң сом айып салынат. Айла жок жашырынып сатып жатышат. Антпесе оокат өтпөй калды. Бир киосторду бир үй-бүлөнү багат. Ошол жерде күнү-түнү жашап оокат кылгандар бар. Үч күндүн ичинде жапкыла деген буйрукту алдык. Ленин районунда жайгашкан киоскторду 1 күндүн ичинде ал деген экен. Андан сырткары №70 мектептин жанындагы киоскторду ал дешиптир, кожоюну 25-майга чейин туруп турайын, окуу жылы аяктаганча коё тургула дептир. Булар ал дегенди алдырышат. Муниципалдык менчикти башкаруу кызматындагылар "биз Жер ресурстарын башкаруу кызматындагылар менен сүйлөшө албайбыз" дейт. Жер ресурстарын башкаруу кызматындагылар "биз ал дегенди гана билебиз" дейт. Булар бири-бири менен иштеше алышпайт", - деди ал.

SUPER.KG порталы бул маселе боюнча тийиштүү органдарга байланышып, окуянын чоо-жайын иликтейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан