ҮЧҮНЧҮ ДҮЙНӨ
Ырлар менен алпурушуп,
ырлар менен таң атып,
мен ырларды жазсам, кайра
ырлар мени жаратып,
айтор, билбейм,өзгөлөрдүн
өмүрүнөн башкача
жашап жүрөм бир дүйнөдө
бөтөнчө бир таптаза.
Эки дүйнө бар дешет го:
бири жалган, бири чын.
А мен билем үчүнчүсүн.
Мүмкүн сен да билишиң.
Аныктайт ал жан дүйнөнүн
өлүүсүн же тирүүсүн.
Арнаттырат башкаларга
жек көрүүсүн, сүйүүсүн.
Ай ааламдын баары батып,
баары батып ичине,
ойлондуруп, толгондуруп
жашап алган кишиге.
Бугум турса сыртка чыкпай,
эч бир адам түшүнбөй
эс алдырат жалгыз ушу
жан дүйнөмдү бүтүндөй.
Үчүнчү ошол дүйнө деген
баарында бар, баарыңда.
Сеники обон болсо балким,
а меники жаңы ыр да.
Окшоп кетет ошол дүйнө
өзүңдү өзүң илдеттерден
айыктырчу дарыга.
Жашай берет анан дагы,
ошол дүйнөң өмүр бою
жатсаң деле кабырда.
ЖАН ДҮЙНӨ ТЕРЕЗЕСИ
Асман бүркөө, бир кунарсыз дарак,таш,
Сыртты тиктеп, терезеге жанашсам.
Ал ансайын ачылбай эч кабак-каш,
Кечээ күнү бир кызыктай таң аткан.
Өткөндө да келсем калбай адатым
тереземе, карап көчө тарапты.
Далдактатып сүйрөп эне баласын,
Дайыны жок тилдеп кетип баратты.
Андан мурун кыз-жигиттен эшиткем,
(Бүткөнбү бейм, алар чогуу жүрчү күн),
Жемелешип эки башка кетишкен,
Жерге таштап белек-бечкек, гүл-сүлүн.
Тереземе келип күндө түңүлөм,
Ызы-чуулар, талкаланган бактылар.
Чыкпай жаткан окшойт деймин үйүнөн,
Кайда калган билбейм деги жакшылар.
А бүгүн мен, таап алдым да айыбым,
Айнегимдин кирин сүрттүм, тазарттым.
Көрсө, өзүм сырттын көрбөй жарыгын,
Кир айнектен карап коюп жашапмын.
Тереземе нуру тийип чагылып,
Кубанычтуу күн жарк этти заматта.
Көктөм турду кооз гүлдөрдү тагынып,
Кандай жакшы күндө ушундай таң атса.
Кабагынан апалардын кут жанып,
Кадимкидей изи сууду азаптын.
Жетелешкен кыз-жигитке суктанып,
Жетине албай, ыр жазам деп бараттым...
Көрсө өзүм сырттын көрбөй жарыгын,
Кир айнектен карап коюп жашапмын.
БИЗ - БИР КИТЕП
... кечээ эле орун алды тигинде,
Дагы бирөө китеп болуп текчеден.
Тагдыр ага кандай жазуу жазды экен,
Бир сүйүнтүп, далай жолу өкчөгөн.
Балким аны окуйт көптөр талашып,
Күнү-күндөй, түнү-түндөй үргүлөп.
Же калаттыр көп китептин бириндей,
Чаң астында унутулуп, ким билет?
Буга чейин көбү турду текчеде,
Эстүү күндөр, эссиз күндөр жазылып.
Баарынан да жаман экен калганы,
Этегине чыкпай жатып жабылып.
Мааниси жок, калың балким ичкедир,
Балким айрып тукабасын кетишти.
Сырты кандай болсо болсун биз үчүн
Мазмунунун тереңдиги жетиштүү.
Китептер бар түгөнбөгөн кенч сындуу,
Түбөлүктүү, бирок бүткөн заматта.
Баарынан да китеп болбой а түгүл,
Бопбош бойдон туруп калуу азап да.
Балким калың, балким ичке көрүнүп,
Эртең мен да орун алам текчеден.
Калсам экен китеп болуп мен дагы,
Эмгегимди элим окуп бүтпөгөн...