Бишкекте “Китепканадагы түн” өттү

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында “Жаратылыш дүйнөсүн мен китеп менен ачамын! аттуу КИТЕПКАНАДАГЫ ТҮН – 2022 социалдык-маданий акциясы өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылакйык, акция Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Указы менен Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланышынын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы тарабынан уюштурулду.
“Китепканадагы түн” акциясынын максаты – окуу маданиятын өстүрүү жана жаштардын китепке болгон кызыгуусун калыбына келтирүү, ошондой эле өсүп келе жаткан муундарды жаратылышты сактоонун маанилүүлүгүнө, жашыл мураска көңүлүн бурдуруу болуп саналат.
Кыргызстандын ири маалыматтык, билим берүүчүлүк жана маданий борбору болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы 2013-жылдан бери жыл сайын “Китепканадагы түн” акциясын өткөрүп келүүдө. Бул күнү китепкана келгендер үчүн демейдеги иштөө мезгилинен ашыкча убакытка эшиктерин ачат. Акция китепкананын коомчулук менен биргелешип аракеттенүүсүн кеңейтүүгө жана келүүчүлөрдүн жаңы форматтагы байланышуусун уюштурууга багытталган.
Китепкана жазуучулар жана акындар, басмаканалар, чыгармачыл коллективдер, окуу жайлары, коомдук уюмдар, улуттук-маданий борборлор жана башка кызыккан уюмдар менен өнөктөштүктө тегерек столдорду, кызыктуу адамдар менен жолугушууларды, мастер-класстарды, китептердин жана декоративдик-прикладдык исскусствонун көргөзмөлөрүн , адабий конкурстарды жана викториналарды, оюндарды, видеокөргөзүүлөрдү, концерттик номерлерди, театралдык оюндарды, китеп ярмаркасын өткөрөт. Келүүчүлөр үчүн китепкананын китеп сактоочу жайына уникалдуу экскурсия өткөрүлөт, ошондой эле окурмандар бул күнү үйүндө ашыкча кармап койгон китепкана китептерин штрафтык санкциясы жок өткөрө алат, ар кандай конкурстарга катышуу менен бир жолку окурмандык билет ала алат жана башка көп нерселер болду.
Китепканадагы түндө китептердин “тирилген” каармандарын, тирүү статуяларды, фитодубалдарды, китептерден жана жаратылыш материалдарынан инсталяцияларды, Кыргызстандын жаратылышынын архивдик фотографияларынын фотокөргөзмөсүн, майда өсүмдүктөр компаниясынын ярмаркасын көрүүгө болот.
Китепкана түнүндө жалпы 50дөн ашык иш-чаралар өттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан