Москвада жакындары тарабынан сабалган кыздын окуясы боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Ур-токмокко кабылган кыздын апасы эч кимге доосу жок экенин айткан дешет Ош ОИИБдин маалымат кызматынан.
Башкармалыктан билдиришкендей, 11 жаштагы кызды таежеси неберелерин каратуу үчүн Москва шаарына алып кеткен. Ал 2021-жылдын октябрь айынан бери Орусияда жүргөн. 22-майда Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 11 жаштагы кыздын сабалганы тууралуу видео түшкөн. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.
"Аталган окуя боюнча жабырлануучунун апасы эч кимге доосу жок экенин билдирип, арыз жазуудан баш тарткан. Өзгөн РИИБи тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин жүрүшүндө 1974-жылы туулган М.Ш`нын шектүү экендиги такталды. Шектүү азыркы убакта Москва шаарында экендиги белгилүү болду. Учурда тергөө амалдары уланууда", - дешти маалымат кызматынан.
Эскерте кетсек, буга чейин Москва шаарынан 11 жаштагы кыргызстандык кыз туугандары тарабынан сабалганы маалым болгон. Кийинчерээк кыздын ата-энеси акча табуу үчүн аны Москвага жөнөткөнү айтылган.