Комиссия Сузакта окуучуга кол көтөргөн мугалимди жумуштан кетирүү буйругун жокко чыгарды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда окуучу кызга кол көтөргөн мугалимди жумуштан кетирүү тууралуу буйрук жокко чыгарылды. Бул туурасында мектеп директору Даткайым Нуралиева тарабынан белгилүү болду.

Айтымында, мугалим мектепте иштей берсе болот, азырынча ден соолугунан улам мектепке келе элек.

"Биринчиден, мугалим саламаттыгына байланыштуу ооруканада жатат. Азыр ага оор болуп жатат. Бул учурда аны жумуштан алып салуу абалын ого бетер начарлатат. Экинчиден, кыздын ата-энесинин доосу жок, арыз жазышкан эмес. Мындан улам райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан түзүлгөн атайын комиссия мугалимди жумуштан кетирүү тууралуу буйрукту жокко чыгарды", - деди Нуралиева.

Белгилей кетсек, социалдык тармакка сабак учурунда мугалим окуучу кызды урушуп, уруп жаткан видеосу тараган. Жалал-Абад ОИИБи жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканын билдирген. Кийинчерээк мектеп директору кол көтөргөн мугалим иштен алынарын SUPER.KG порталына айткан. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлүп, териштирүү жүргүзөрүн кабарлаган.

Сабалган кыздын окуя тууралуу айтканы бул шилтемеде, ал эми апасынын пикирин бул жерден, ошондой эле мугалимдин кечирим сураганы шилтемеге өтүп окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан