Баткен облусунда баасы жарым миллион сомдон ашкан контрабандалык жүк кармалды

Баткен облусунда контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 15-майда УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын бейтарап аймагынан Кыргызстандын П.А.Ш. аттуу жаранынын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер унаасы токтотулган. Текшерүү учурунда 325 даана унаа дөңгөлөктөрү табылган.

"Соода-өнөр жай палатасынын адисинин эксперттик корутундусуна ылайык, кармалган контрабандалык товардын жалпы суммасы 520 миң сомду түзөт. Бул факты боюнча 26-май күнү 231-берененин (Экономикалык контрабанда) негизинде кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда керектүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан