Бишкекте 2 миңден ашуун дарак электрондук каттоодон өткөрүлдү

Бишкекте 2 миңден ашуун дарак электрондук каттоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Эмен паркындагы бак-дарактарды электрондук каттоо иштери аяктады.

Азыр шаардагы 2000 дарактын «медициналык картасы» бар. Алар бак-дарактардын саны, геолокациясы, түрү, сугарылышы жана абалы тууралуу маалыматтарды киргизишкен. Бул программанын аркасында «Бишкек жашыл чарбанын» кызматкерлери аларды багуу жана дарылоо үчүн зарыл болгон каражаттарды алдын ала эсептеп чыга алышат.

Эске салсак, биринчи жолу электрондук каттоо былтыр июнь айында Эмен паркында жүргүзүлүп, алгачкы 100 эмен катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан