Ысык-Көл облусунун Сырт өрөөнүндө кар калың жаап, Каракол-Эңилчек унаа жолу жабылган. Бүгүн, 2-июнга карата аталган ачылып, жеринде президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов жеринде иш алып барууда. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, кечээ, 1-июнда облус башчысы Алтынбек Сулайманов, Чек ара кызматынын башчысы менен биргеликте саат 20:00дө Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусуна жөнөп кетишкен. Жерине 15 техника иш алып барып, учурда Чоң-Ашуу ашуусу ачылып, тазалоо иштери улантылууда. Тоют жеткирип барган автоунаалар жерине барып, кайра кайтып келүүдө. Жолдо калып калган унаалар жок. Сырт өрөөнүндө табигый кырсыктан улам өлгөн малдын саны жана чыгымы такталууда. Кар кѳчкү түшүү коркунучу сакталууда.
Эске салсак, 30-майга караган түнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол-Эңилчек автоунаа жолуна 4 жерден 80 000 метр 3 кар кѳчкү түшүп, тазаланган.
30-июнда инженердик техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп, жолдун бир тарабы ачылган. Бул маалыматты Ак-Суу районунун жарандары угуп мал-жандыктарына тоют жеткирүү үчүн 15тей жүк ташуучу жана жеңил унаалар Сырт өрөөнүнө чыгышкан. Саат 16:00 чамасында ашууда бороон башталып, кар тынбай жаап, Чоң-Ашуу ашуусунда кайрадан кар кѳчкүлөр бир нече жеринен түшүп жол жабылып калган.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө Ак-Суу районунун 15тей тургуну Каракол-Эңилчек жолунда бир нече унаа калып калгандыгы тууралуу кабар түшкөн. Тийиштүү мекеме ишканаларга тез арада кырдаалды жоюу боюнча тапшырма коюлган.
Ошондой эле "Тосор" ашуусунда чабандар мал-жандыгы менен калып калган.