Ысык-Көл облусунун Сырт өрөөнүндө нөшөрлөп жааган жамгыр карга айланып, "Тосор" ашуусунда чабандар калып калды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.
Министрликтин маалыматына ылайык, кар калың жаап, чанбандар малын ашуудан айдап өтө албай калгандыгы туурасында Күн-Чыгыш айыл аймагынын башчысы куткаруучуларга кабарлаган.
Жерине жалпы 5 адам жөнөп кетишти. Алдын ала маалыматка ылайык, 2 чабан 100дөн ашык малы менен ашуудан өтө албай калган.
Кошумча маалымат берилет.