"Супер-Инфо" жана SUPER.KG Википедияга аялдар укуктары боюнча кыргыз тилинде 35 илимий макала киргизди

"Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталынын журналисттери Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын колдоосу (ПРООН) жана “Бишкек феминисттик демилгелери” бирикмесинин эксперттери менен биргеликте Википедияга аялдар укуктары боюнча кыргыз тилинде 35 илимий макала киргизди.

Макалалар аялдар укуктары, энелердин ден соолугу, кыздарга билим берүү, үй-бүлөлүк зомбулук жана башка гендердик маселелерди камтыган. Долбоордун негизги максаты - гендердик теңдик боюнча эл арасында маалымдуулукту жогорулатуу. Ушундан улам макалалар кыргыз тилинде жалпак жана жөнөкөй тилде даярдалган.

Чыгарылган макалалардын тизмеси:

1. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук - бул бир үй-бүлө мүчөсүнүн башкасына карата физикалык, сексуалдык, психологиялык жана экономикалык кысым колдонушу.

2. Гендердик теңсиздик - бул эркектер менен аялдарга бирдей мамиле кылынбаган социалдык түзүлүштүн мүнөздөмөсү. Гендердик теңсиздик коомдо өкүм сүргөн биологиялык, психологиялык же маданий нормалардагы айырмачылыктардан улам пайда болушу мүмкүн. Бул айырмачылыктардын айрымдары эмприкалык негизде болсо, башкалары социалдык конструкция катары каралат.

3. Гендердик теңчилик – адамдардын гендерине карабастан, бирдей укуктук статусу жана аны иш жүзүнө ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрү, башкача айтканда, аялдар менен эркектерге жынысына карабастан, жашоо турмуштун саясий, экономикалык, эмгектик, социалдык, коомдук жана маданий чөйрөлөргө катышуу үчүн өз жөндөмдүүлүгүн эркин пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилиши. Гендердик теңчиликте адам өзүнүн адамдык укуктарын жана улуттук, саясий, экономикалык, маданий өнүгүүгө салым кошуу потенциалын, жыргалчылыкка ээ болуу укугун таанып-билүү үчүн бирдей, теңдеш шарттарга ээ болот.

4. Аял укуктары – ар бир аялга, кызга жарандыгына, жаш курагына, расасына, этникалык
жана диний өзгөчөлүгүнө карабай туулгандан тарта таандык жана тартып алгыс укуктар.

5. Кыргызстандагы аял укуктары - Кыргыз Республикасында аялдардын укуктук абалы акыркы бир нече миң жылдыкта көптөгөн олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Кыргызстан аялдардын тынчтык жана
коопсуздук боюнча глобалдык индексинде (WPS Index) 97-орунду ээлеп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунга чыкты.

6. Феминизм кыймылы – аялдардын саясий, экономикалык жана социалдык укуктарын кеңейтүүгө жана сексизмди жеңүүгө багытталган идеологиялардын, саясий жана коомдук кыймылдардын жыйындысы.

7. Сексизм (лат.sexus - жыныс) – бул адамдарды жыныстык белгисине карап кемсинткен көрүнүштүн (сөз, жест, сүрөттөө, кыймыл-аракет) бардык түрү. Белгилүү бир жыныстагы адамдарга, көбүнесе аялдарга карата антипатия же негативдүү мамиле. Бул көрүнүш адамдардын мамилеси менен гана чектелбейт, сексизм тилде, искусстводо, тарыхта, укукта жана саясий институттарда калыптанган жана эркектин үстөмдүк статусун
чагылдырган салттык маданий нормаларда да кездешет.

8. Гендердик роль – адамдын жынысына таандык болгон жүрүм-турумдун кандай түрлөрү алгылыктуу, ылайыктуу же жагымдуу деп эсептелерин аныктоочу социалдык нормалардын комплекси Адамдын гендердик ролго ылайык келбеши – гендердик конформсуздук деп аталат.

9. Дискриминация - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин чектөө жана/же адамдарга же социалдык топторго кандайдыр бир белгинин негизинде, адатта, кемсинтүүчү мүнөздөгү ар кандай мамиле кылуу.

10. Кесилишкен дискриминация – бир адамдын бир нече белгилер боюнча дискриминацияга кабылышы [1][2]. Мисалы, түстүү майып аял бир эле мезгилде майыптык, расалык жана жыныстык белгилер боюнча дискриминацияга кабылышы мүмкүн.

11. Патриархат– алгачкы коомдук мамилелердин урай баштаган мезгилинде кеңири тарап, бүгүнкү заманбап коомдо да өкүм сүрүп жаткан мамилелердин формасы: мында эркек саясий бийликтин жана моралдык авторитеттин негизги алып жүрүүчүсү, мүлктүн үстүнөн көзөмөл жүргүзүүчү, аталар же үй-бүлөнүн жашы улуу эркек мүчөсү коомдук артыкчылыктарга жетүүдө лидерлик статуска ээ.

12. Мизогини́я (бай. грекчеден которгондо misos – «жек көрүү» жана gyne – «аял» дегенди билдирет, б.а. аялды жек көрүүчүлүк) – аялдарды жек көрүү, жактырбоо же аялдарга карата алдын ала терс пикир жана
кастык . Бул аялдарды эркектерге караганда төмөн социалдык статуста кармап жана турган патриархаттын социалдык ролдорун сактап турган сексизмдин бир түрү.

13. Бириккен Улуттар Уюмунда кабыл алынган гендердик теңдик боюнча атайын чаралар.

Гендердик теңчилик – үй-бүлөлүк жана башка укук мамилелеринде жынысына карабастан адамдардын тең укуктуулугуна жетишүүнү билдирген түшүнүк.

14. Зордук-зомбулук - «реалдуу же коркутуу жолу менен физикалык күчтү же бийликти атайылап колдонуу, анын натыйжасы денеге залал келтирүү, өлүм, психологиялык травма, өнүгүүнүн четтөөлөрү же ар кандай зыяндарга алып келиши мүмкүн» (Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) аныктамасы).

15. Зордуктоо – адамдын эркине каршы бир же бир нече адам жыныстык катнашка барган сексуалдык зомбулуктун түрү [1]. Зордуктоо терминин кээде сексуалдык зомбулук термини алмаштырат [2]. Зордуктоо адамдын алсыз учурунан (эс-учун жоготуу, мас абалы, психикалык оору, жашы жете электик, физикалык жактан алсыздык) пайдаланып, анын макулдугусуз күч колдонуп, коркутуп, психологиялык басым жасоо менен жасалышы мүмкүн.

16. Фемицид же феминицид – бул жек көрүү кылмышы, жалпысынан “аялдарды же кыздарды аял болгондуктан атайылап өлтүрүү” катары аныкталат, бирок аныктамалар анын маданий контекстине жараша айырмаланат.

17. Ала качуу – жигит турмуш куруу үчүн кызды ала качкан, уурдаган көрүнүш. Бүгүнкү күндө Кавказда, Кыргызстанда, Казакстанда, Африка континентиндеги бир катар өлкөлөрдө кездешет.

18. Харассмент, ыдык көрсөтүү, асылуу- бул жеке чектерди жана субординацияны бузуу, жабышуу, кемсинтүү жана жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу. Ал физикалык (кѳӊүл каалабаган тийүү, ѳбүү, кучактоо, чымчуу), ошондой эле вербалдык мүнѳздѳ (уятсыз же кордоочу комплименттер, сексуалдык байланыш жѳнүндѳ түрдүү маанидеги ымдап-жаңсоолор жана башка) болушу мүмкүн.

19. Репродуктивдик укуктар – адамдын жыныстык ден соолугу менен байланышкан, ар кайсы өлкө өз алдынча аныктаган жана ар кандай түшүнүлгөн мыйзамдуу (юридикалык) укуктардын бир бөлүгү.

20. Сексуалдык жана репродуктив дик ден соолук жана укуктар – бул репродукцияга жана сексуалдуулукка карата колдонгон адам укуктарынын бир бөлүгү. Бул өзүнө төрт тармакты (теманы) камтыйт: сексуалдык ден
соолук, сексуалдык укуктар, репродуктивдик ден соолук жана репродуктивдик укуктар.

21. Нике – жубайлардын үй-бүлө куруу максатында биримдик түзүүсү. Бул биримдик эркин жана тараптардын экөөсүнүн тең макулдугу менен түзүлүп, мамлекеттик органда расмий каттоого алынгандан кийин жубайлар үй-бүлө деп эсептелип, бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ болушат. Кыргыз Республикасында жубайлар жеке, мүлктүк жана сексуалдык мамилелер боюнча тең укуктуу.

22. Акы төлөнбөгөн эмгек - эч кандай түздөн-түз акы алынбаган эмгек катары аныкталат. Ал рыноктук эмес жумуштун бир формасы жана үй чарбасындагы иш- аракеттер менен эле чектелбейт. Акы төлөнбөгөн эмгектин башка түрлөрүнө кайрымдуулук иштеринин бир түрү катары ыктыярчылык (волонтёрлук) жана акы төлөнбөгөн эмгектин түрү катары стажировка кирет.

23. Аялдардын ден соолугу - эркектердин ден соолугунан көп жагынан айырмаланат. Аялдардын ден соолугу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан “оорулардын жоктугу гана эмес, физикалык, психикалык жана социалдык жыргалчылык” болуп аныкталган элдин ден соолугунун бир бөлүгү болуп саналат. Көптөгөн топтор “аялдардын репродуктивдүү ден соолугу” деп гана карабай, буга кененирээк аныктама берип, жакшысы “аялдардын ден соолугу” деп белгилөө керек дешет. Өнүккөн өлкөлөр аялдар ден соолугунда тобокелдикти камтыйт деп тереңирээк карашат.

24. Контрацепция - жаңы латын сөзү, бизче “алып таштоо, чыгарып таштоо” дегенди билдирет да, механикалык (презерватив, жатын моюнчасына салынуучу колпачок жана башка), химиялык (мисалы, жыныс кынына салынуучу шариктер, грамийин пастасы) жана башка каражат, ыкмалар менен бойго бүтүүнүн алдын алуу.

25. Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүүнүн жолдору - бир нече көрсөткүчтөр менен аныктоого болот. Бул аялдардын көз карашын кабыл алуу, билим берүү аркылуу алардын сабаттуулугун, ар тараптуулугун, мартабасын жогорулатуу дегендик. Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү аялдардын жашоосундагы маанилүү чечимдерди кабыл алуусуна, коомдогу ар кандай көйгөйлүү маселелерди чечүүсүнө өбөлгө түзөт. Ошондой эле каалаган максаттарына жетүүдөгү эркиндик жана гендердик ролдогу ордун бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

26. Саясаттагы аялдар - Бүгүнкү күнгө чейин көпчүлүк өлкөлөрдө аялдар өкмөттө жана башка мекемелерде
аз көрсөтүлүп келет. Бул тарыхый тенденция дагы деле сакталып келе жатат, бирок акыркы жылдары аялдар мамлекет жана өкмөт башчылыгына көбүрөөк шайланууда.

27. Аял ишкерлер - ишкананы башкарган жана өзгөчө бизнести уюштурган аялдар АКШда 20-жана 21-кылымдын ичинде аялдардын ишкердиги тынымсыз өсүп, 1997-жылдан бери аялдардын бизнеси 5% га өскөн Бул өсүш Коко Шанель, Дайан Хендрикс, Мег Уитман жана Опра Уинфри сыяктуу өз алдынча бай аялдардын пайда болушуна шарт түзгөн.

28. Илимий чөйрөдөгү аялдар - Өткөн кылымдардагы аялдардын илимдеги орду, эмгектери тууралуу көптөгөн маалыматтар бар. Америкалык физик Ширли Энн Жексондун эмгеги 1970-жылы телефондук сүйлөшүүгө 2 жаңы кызматты киргизген: чалып жаткан абоненттин номерин аныктоо системи жана сүйлөшүп жаткан учурда телефонго башка адамдан да чалуу келгенин кабарлоо системи.

29. Кыргызстанда маданиятта аялдардын орду - Аялдар Кыргыз маданиятынын активдүү катышуучусу, өзгөчө адабият, театр жана кино тармагын алып караганда. 2020-жылга карата өлкөдө маданият жана искусство тармагында иштеген кызматкерлердин саны 9 миңге жакын болсо, мунун 57 пайызын аялдар түзөт.

30. Спорттогу аялдар - Байыркы замандарда кыздардын, аялдардын спорт менен алектенүүсү улуттарга, доорго, жашаган жерге, экономиканын өсүшүнө жараша болгон. Болжолдуу түрдө 1870-жылдарга чейин аялдар спортунда эч кандай эрежелер, атаандаштык болгон эмес, көңүл ачуучу физикалык активдүүлүк катары каралган 1 . Акыркы убакка чейин көпчүлүк спорт түрлөрүндө аялдарга катышууга тыйуу салынган.

31. Гендер - (англ. gender, лат. genus “жыныс”) – аялдардын жана эркектердин социалдык жүрүм-турумун жана алардын өз ара мамилесин аныктаган коомдо маданий жактан шартталган мүнөздөмөлөрдүн комплекси. 1 Гендер социалдык процесстерди түшүнүүнүн куралы да болуп саналат. Тагыраагы, социализациянын белгилүү системасы, эмгектин бөлүштүрүлүшү, коомдо кабыл алынган маданий нормалар, ролдор жана стереотиптер аркылуу түзүлөт.

32. Аялдарга билим берүү - инсанды, коомду жана мамлекетти шайкештикте өнүктүрүү максатында окуп жаткандардын мамлекет тарабынан белгиленген билим берүү деңгээлине жетишүүсүн тастыктоо менен коштолгон тарбиялоонун жана окутуунун тынымсыз, системдүү процесси. Билим алуу деп окуп жаткандардын тиешелүү документ менен тастыкталган белгилүү бир билим деңгээлине жетиши жана ары ырасташы түшүнүлөт. Инсандын аң-сезимин, мүнөзүн жана физикалык жөндөмүн калыптандыруу процесси же анын жыйынтыгы десе болот.

33. Кыздык – эч качан жыныстык катнашка барбаган адамдын абалына айтылат. Кыздык термини алгач сексуалдык жактан тажрыйбасыз адамдарга гана тиешелүү болгон, бирок өзгөрүп отуруп салттуу, заманбап жана этикалык түшүнүктөрдөгү бир катар аныктамаларды камтый баштаган. Гетеросексуал адамдар кыздыкты жоготууну пенетрациялык же пенетрациялык эмес секс аркылуу болот эсептеши мүмкүн, ал эми башка сексуалдык ориентациядагы адамдар оралдык, аналдык секс же өз ара мастурбацияны кыздыгын жоготуунун аныктамаларына камтыйт.

34. Экология жана аялдар - 1960-жылдардын башында аялдарга жана аялдардын айлана-чөйрө менен болгон мамилесине кызыгуу Эстер Босеруптун. Аялдардын экономиканын өнүгүүсүндөгү ролу аталышындагы китебинен кийин пайда болду. 1980-жылдан баштап өкмөт жана саясатчылар айлана-чөйрө менен гендердик көйгөйлөрдүн байланышын түшүнө башташкан.

35. Тең мүмкүнчүлүктөр – бул адамдарга жасалма тоскоолдуктарсыз, кодулоосуз же кандайдыр бир адатка айланган көз карашсыз, конкреттүү бир айырмачылыктарды так атоого мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, адамдардын баарына бирдей мамиле жасоочу адилеттүүлүктүн абалы. Бул нерсенин максаты – уюмдардагы маанилүү кызматтар туулган жери, алган тарбиясы, тааныш-билиштик, тууган-урук маселеси, туткан дини, жынысы, этникалык таандык, раса, каста же болбосо майыптык, жаш курак, гендердик иденттүүлүк же сексуалдык багыт сыяктуу адам өзү тандап албаган сапаттарга карап жеке адамдарга берилбестен, ал кызматтар өз ишин мыкты билген, ишти натыйжалуу аткара ала турган эң квалификациялуу адамдарга өтүшүн камсыз кылуу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан