Алымкадыр Бейшеналивдин жактоочусу
Кайсын Абакиров экс-министрге жолуга албай жатканын айтып чыкты. Бул туурасында ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анда укук коргоочу президент Садыр Жапаровдон, башкы прокурор Курманкул Зулушевден, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден Алымкадыр Бейшеналиевдин кайда экенин билүү үчүн көмөк сураган.
"Алымкадыр Бейшеналиевди табууга жардам берүүңүздөрдү суранам. УКМКнын СИЗОсунда да, Башкы прокуратуранын бөлүмүндө да Бейшеналиев жок", - деп жазган укук коргоочу.
Белгилей кетсек, 2-июнда министр Алымкадыр Бейшеналиев Башкы прокуратура тарабынан
кармалды. Ага
жети кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Президент Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзүлгөн
билдирген.