Алымкадыр Бейшеналиев коюлган айыптар боюнча комментарий берди

Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы Октябрь райондук сотунда каралууда.

Анда Бейшеналиев ага тагылып жаткан айыптоолор боюнча комментарий берди.

"Тергөөчүлөр вакцинаны сатып алуунун зарылчылыгы жок эле деп айтып жатышат. Министр катары айтсам, өз убагында вакциналарды сатып алып көптөгөн кыргызстандыктарды сактап калдык.

Мени январь айынан бери Москва-Логвиненкодогу Травматология борбору оңдолуп жатканда курулуштун объективдүү себеби алынбаганына күнөөлөштү. Бирок Садыр Нургожоевичтин катышуусу менен ал жакта 30-40 пайыз оңдоп-түзөө иштери бүтпөгөнүн, калганын менин жигиттерим жасаганын далилдедик.

Зулушев мени түрмөгө отургузам деп коркуткан. Мен ага "эгерде кандайдыр бир аргумент бар болсо, отургузгула" деп аткам", - дейт Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, 2-июнда министр Алымкадыр Бейшеналиев Башкы прокуратура тарабынан кармалды. Ага жети кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Президент Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзүлгөнүн билдирген. Бүгүн министр тергөө иштерине байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан