Супер фактылар: Дүйнөдөгү IQ деңгээли жогору болгон 3 адам тууралуу кызыктар

IQ тести адамдын интеллекти деңгээлин баалоого жана эң акылдуу адамдарды аныктоого мүмкүндүк берет. Азыркы жашап жаткан эң акылдуу адамдардын арасында көрүнүктүү окумуштуулар да, карапайым адамдар да бар. "Супер фактылар" рубрикасында биз дүйнөдөгү эң акылдуу 3 адам тууралуу айтып беребиз.

Анда сөз башынан болсун...

2021-жылдын статистикасына ылайык, дүйнөдөгү IQ деңгээли күчтүү 3 адам.

Теренс Тао. Дэвидсон институту австралиялык математик Теренс Таонун IQ деңгээлин 220-230 деп эсептейт. Теренс Тао - планетанын эң акылдуу адамы. Ал 1975-жылы туулган. Эки жашында вундеркинд бала санаганды билген, 9 жашында Теренс университеттин курстарына барган. 10 жашынан тарта математика боюнча эл аралык олимпиадага катышкан. 1988-жылы математика боюнча олимпиадада жеңишке жетишкен. 13 жаштагы Теренс тарыхтагы эң жаш алтын медалдын ээси болгон. Ал 21 жашында докторлук даражасын, 24 жашында — профессор наамын, 31 жашында Филдс медалын алган. 34 жашында Америка искусство жана илимдер академиясынын мүчөсү болгон. Азыр окумуштуу математикалык анализ жана сандар теориясы жаатында иш алып барат.

Крис Хирата. Америкалык астрофизик Крис Хиратанын IQ деңгээли 225. Ал 1982-жылы төрөлгөн. 13 жашында физика боюнча эл аралык олимпиадада алтын медаль алууга жетишкен. 14 жашында университетке тапшырып, 16 жашында НАСАнын буйругу менен Марсты колониялаштыруу боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт. 2005-жылы, 23 жашында Крис астрофизика боюнча докторлук диссертациясын аяктаган. 30 жашында профессор болгон. Крис учурда Космология жана астробөлүкчөлөр физикасы борборунун профессору. Анын изилдөөлөрүнүн негизги багыты кара энергияга жана ааламдын кеңейишине тиешелүү.

Ким Ун Ён. Корей вундеркинди Ким Ун Ён 1962-жылы туулган. Төрт айында ал сүйлөп, төрт жашында төрт тилди билген жана татаал математикалык маселелерди чечкен. Анын IQ деңгээли 210 баллды түзөт. Кимдин жогорку IQ деңгээли "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген, бирок кийинчерээк мындай рекорддор IQ деңгээлин так аныктоодогу талаш-тартыштардан улам катталбай калган. Ким япон телекөрсөтүүсүнө чыккандан кийин атактуулукка жеткен. Фудзи телешоусунда беш жашар вундеркинд бала интегралдык жана дифференциалдык теңдемелерди чечкен. Учурда Ким Түштүк Кореянын Чунгбук университетинде курулуш инженериясынын профессору катары жөнөкөй кызматты ээлейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан