25-октябрда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Катардын соода жана өнөр жай министри Ахмед бин Мухаммед Аль-Саид менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалым болгондой, жолугушууда Кыргызстан жана Катардын соода-өнөр жай палатасы эки тараптуу кызматташтык жана биргелешкен кыргыз-катар ишкердик кеңешин түзүү боюнча макулдашууга кол коюшту.
Тараптар соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, инвестиция тартуу жана ишкерлер ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле айыл чарба продукцияларын Катарга экспорттоо жана курулуш тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.