Кечээ, 25-октябрда президент Садыр Жапаров Чаткал районунун тургундары менен жолугушту.
Анда Курулуш айылынын Рахман аттуу тургуну өлкө башчысына кайрылып, небересинин өлүмү боюнча териштирүү иштерин жеке көзөмөлүнө алууну суранды.
"Мен бир кайгылуу окуяны айтып кетейин деп жатам сизге. 18-сентябрь күнү Сатимбай Мырзалиев атындагы орто мектепте менин неберемди өлтүрүп кетишти. Үч бала рэкетчилик кылды. Бизге жардам берип, ушуларга көзөмөл болуп берсеңиз... Укук коргоо органдарына, баарына тапшырма берсеңиз, өзүңүздүн көзөмөлүңүздө болсо... Азыр апасы да, атасы дагы ооруп жатат. Бул жерге келе албайт алар. Мен чоң атасы болом",- деди аксакал.
Өлкө башчысы кылмышка шектүүлөргө ырайым болбошу керектигин айтып, дыкат текшерүүнү тапшырды.
"Тергегиле, аларды жашпы, карыбы, мындай сабап, өлтүргөн балдарга такыр ырайым деген жок болушу керек мектептерде. Ошондо калгандарга сабак болот. Анан эртеңки күнү чыгып кетпесин, сүйлөшүүлөр жолу менен",- деди президент укук коргоо органдарына.
Эске салсак, 18-сентябрда Чаткалда 15 жаштагы өспүрүм каза болуп, кылмышка шектүү катары 4 окуучу кармалган.