Бишкектеги "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу чөгүп кетти

Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кетип каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

"Саат 11:13тө бала сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. 11:27де "Тез жардам" кызматы барганда бала суунун үстүнө калкып чыгып калган. Окуяга байланыштуу реанимациялык иш-чаралардын баары жасалган. Баланын каректери кеңейип, өпкөсүнө суу толуп калган. Каза болгон бала №95 мектептин 3-классынын окуучусу экендиги такталды", - деп билдиришти министрликтен.

Өз кезегинде "Ала-Тоо" аквапаркы убактылуу жабылганын билдирди.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан