Чек арада жаракат алган 2 жоокердин бүгүнкүгө карата абалы. Бирине операция жасалды

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жаракат алган 2 чек ара кызматкери Улуттук госпиталда дарылануусун улантууда. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Улукбек Кулукеевге байланышканыбызда билдирди.

"2000-жылы туулган Ж.З.га операция жасалган, өз алдынча дем алууда. Азырынча абалы оор. 2001-жылы туулган С.уулу Б.нын абалы орто оор. Салыштырганда кичине жакшы болуп келе жатышат", - деп билдирди ал.

Маалымат үчүн: Баткен районундагы Булак-Башы айылында Тажикстандын чек арачылары мамлекеттик тилкеден мыйзамсыз өткөн. Алар кыргыз чек арачыларынын талаптарын аткаруудан баш тартып, ок чыгарып, миномёт колдонууга өтүшкөн.

Кийинчерээк Тажикстан чек ара тилкесине аскердик оор техникаларын тартышкан. Ошондой эле жетишилген макулдашууга карабастан тажиктер саат 14:15ке чейин аткылоону уланткан. Орун алган окуядан жаракат алган 2 чек ара кызматкери Бишкекке алып келинип, Улуттук госпиталга жаткырылган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан