Акыйкатчы институту Сузак РИИБинин жетекчисинин ээлеген кызматына ылайык келүүсүн кароо боюнча тиешелүү мекемеге сунуш жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.
Акыйкатчынын айтымында, мугалим кол көтөргөн окуучу коом тарабынан эле эмес, айрым мамлекеттик органдар тарабынан да сынга кабылды.
"Билим берүү министринен баштап сабалган окуучуну жаманатты кылуу аракети жүрүп жатат. Сузак РИИБинин башчысы мага окуяны окуучу өзү уюштурганын айтты. Тактап айтканда, кызга алдын ала айып тагылган. Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин кызмат ордун сактоо боюнча маселени кароо боюнча Ички иштер министрлигине сунуш жөнөттүк", - деди Атыр Абдрахматова.
Белгилей кетсек, социалдык тармакка сабак учурунда мугалим окуучу кызды урушуп, уруп жаткан видеосу тараган. Жалал-Абад ОИИБи жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканын билдирген. Кийинчерээк мектеп директору кол көтөргөн мугалим иштен алынарын SUPER.KG порталына айткан. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлүп, териштирүү жүргүзөрүн кабарлаган. Комиссия чечим чыгарып, ага ылайык, мугалимди иштен кетирүү буйругу жокко чыгарылган. Андан соң мугалим кол көтөргөн окуучуга психологиялык басым болуп жатканы айтылган.
Сабалган кыздын окуя тууралуу айтканы бул шилтемеде, ал эми апасынын пикирин бул жерден, ошондой эле мугалимдин кечирим сураганын шилтемеге өтүп окуй аласыз.