Жалал-Абадда "Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушу башталды

Бүгүн, 8-июнда Жалал-Абад облусундагы "Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушун баштоо боюнча расмий иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчы "Камбар-Ата 1" ГЭСинин негизги курулушуна даярдык көрүү иштерине бюджеттен болжолдуу суммадагы 1 жарым миллиард сом акча каражаты бөлүнгөнүн белгиледи.

Бөлүнгөн каражат ГЭС курула турган аянтка баруу үчүн транспорттук тоннель, Нарын дарыясынын эки жээгин бириктире турган көпүрө, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, автожолдорду жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат.

"Бүгүн биз өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуучу Орто Азия аймагындагы эң ири гидроэлектростанциясынын курулуш ишин баштап жатабыз. "Камбар-Ата 2" ГЭСин эске албаганда, 30 жыл ичинде жаңы ГЭС курулган эмес. Ошондуктан электро кубаттуулугун көбөйтүү милдети курч турат. "Камбар-Ата 1" ГЭСин ишке киргизип алсак, "Камбар-Ата 2" ГЭСин толук кубаттуулукта иштешине мүмкүнчүлүк түзөбүз. Мындан тышкары "Камбар-Ата 1" ГЭСи иштеп калса, Кыргызстанга да, Борбор Азияга да пайдалуу болот. Тагыраагы, кошуна өлкөлөрдүн сугат суу маселелерин чечүүгө өбөлгө түзөт", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан