Сузакта мугалими урган кыздын үй-бүлөсү: Атасы төшөктө жатат, апасы 2-топтогу майып

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мугалимден токмок жеген кыздын үй-бүлөсү, жашоо-шарты тууралуу "Адилет" укук коргоо уюму маалымат берди. Уюмдун маалыматына ылайык, окуучунун апасы ден соолугун мүмкүнчүлүгү чектелген, атасы да төшөктө жатат.

Маалыматка караганда, кыздын атасы 55 жашта, 3 жылдан бери төшөктө жатат. Ал эки жолу инсульт болгон. Ал эми апасы 48 жашта, кант диабети менен жабыркайт, 2-топтогу майып. Кыздын атасы 5 миң сом пенсия, апасы 2800 сом пенсия алат. Бул акча ден соолугун караганга өп-чап гана жетет.

"Үй-бүлө 2010-жылы башынан оор кайгыны өткөргөн. Алар Орусияда иштеп жүргөндө 17 жаштагы кызы асынып алган. Ал эми 2015-жылы 18 жаштагы уулу Орусиядагы жол кырсыкта көз жумган. Алардын жалпы 8 баласы болгон", - деп айтылат маалыматта.

Өспүрүм кыз мугалимден токмок жеген күнү үйүнө кызарып, бир сөйкөсү жок барган. Кийинчерээк апасы мугалим кызына кол көтөргөнүн билген соң эжей менен сүйлөшкөн. Мугалим кармана албай калганын айтып, кыздын апасынан кечирим сураган. Ал мындай кадамына жакында эле апасын жоготкону себеп болгонун айткан. Эки милиция кызматкери барып, кыз апасы менен милиция бөлүмүнө барышкан. Ал мугалимге эч кандай доосу жок экенин жазып берген. Жолдо кыз 2 жолу кусуп жибергендиктен ооруканага жаткырылган.

"Башка мугалимдерден коркутуулар боло баштаган. Алар анын балдарын мектептен чыгарып саларын айтышкан. Ал эми кызынын кылыгына айып пул жазыларын да билдиришкен. Алар кызды ооруканага жаткырып, мугалимден акча алгысы келип жатат дешкен.

Аталган мектептин директору Даткайым Нуралиева үй-бүлөнүн балдары жакшы окушарын айтып, бул окуя нес кылганын билдирген. Ал эми мугалим тийиштүү талаптарга жооп берерин, бирок тажрыйбасы аз экенин, анын 2019-жылдан баштап эле иштей баштаганын билдирген.

Мындан 5 ай мурда ата-энелердин биринен мугалимдин туура эмес жүрүм-туруму боюнча арыз түшкөн. Бирок эч кандай жоопкерчиликке тартылган эмес. Атын ачыктагысы келбеген кесиптештеринин бири окуучу кызды токмоктогон мугалимди жеңил мүнөздүү экенин белгилеген", - дешет уюмдан.

Ал эми акыйкатчы Атыр Абдрахматова мугалимден токмок жеген кыз коомчулуктун гана эмес, айрым мамлекеттик органдардын жетекчилеринин да сынына кабылганын белгилеген.

Маалымат үчүн:

Белгилей кетсек, социалдык тармакка сабак учурунда мугалим окуучу кызды урушуп, уруп жаткан видеосу тараган. Жалал-Абад ОИИБи жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканын билдирген. Кийинчерээк мектеп директору кол көтөргөн мугалим иштен алынарын SUPER.KG порталына айткан. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлүп, териштирүү жүргүзөрүн кабарлаган. Комиссия чечим чыгарып, ага ылайык, мугалимди иштен кетирүү буйругу жокко чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан