Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жолугушууда өлкө башчы "Камбар-Ата-1" ГЭСи келечекте кыргыз элинин, мамлекеттин жана кийинки муундардын бакубатчылыгы үчүн иштей турган долбоор экенине басым жасады.
"Эгемендикке ээ болгон 30 жылдан бери "Камбар-Ата-2" ГЭСинен башка көзгө көрүнөрлүк ГЭС курулган жок. Акыркы 10 жылдан бери электроэнергияны колдонуучулардын саны болсо эки эсе көбөйдү. Мурда биз электр кубатын экспорттоп келген болсок, союз тарагандан бери, акыркы 10-15 жылда электр кубатын импорттоп жатабыз.
Өзүбүз суунун башында турсак дагы, натыйжада Энергетика министрлиги 140 миллиард сомго чейин карызга батып кетти. Бир жарым жылдан бери бардыгын эсептеп, пландап чыгып анан чакан ГЭСтерди кура баштаганбыз. Азыр эми эң чоң долбоор — "Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушунун башталышына күбө болуп отурасыздар.
Өзүңүздөр билесиздер бир жылдан бери "Кумтөр" кени мамлекеттин пайдасына иштей баштады. Мына ошонун акчасы менен биз баштап жатабыз. Бул "Кумтөрдүн" акчасы менен "Камбар-Ата-1" эле эмес, былтыртан бери майда-чүйдө долбоорлорду ишке ашырып келе жатабыз. Мурда бизде "Кумтөргө" окшогон чоң кошумча киреше булагыбыз болгон эмес. Эми Кудай буюруп ушул ГЭС курулуп бүтүп калса, экинчи "Кумтөр" болот", - деп белгиледи Жапаров.
Ошондой эле Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу пландар жөнүндө айтып берди.
"Азыр технка-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып жатат. Быйыл күзгө чейин бүтүп калса, эмдиги жылы бул жол да башталат. Эгерде үч мамлекет катышып, тынымсыз иштесе, бул жол дагы үч-төрт жылда бүтүп калат. Бул дагы ушул "Камбар-Ата-1", "Кумтөр" экөө бере турган кирешеден кем эмес киреше табат, 200 миллион доллардан кем эмес киреше берет", - деген президент.
Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров жергиликтүү тургундардын турак жай курууга жер тилкелерин трансформациялоо, жолдорго асфальт төшөө, сугат жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу, суу сактагыч баскан жерлерге компенсация төлөп берүү, бала бакча, мектептерди куруу сыяктуу суроолоруна жооп берди.
Президент бир дагы маселе көңүл сыртында калбай турганын баса белгиледи. Тиешелүү мамлекеттик органдарга райондун тургундары тарабынан көтөрүлгөн маселелерди чечүү тапшырмасы берилди.