"Ала-Тоо" аквапаркында окуучу сууга чөгүп каза болгон окуя: Мектептин завучу жана 6 мугалим иштен алынды

"Ала-Тоо" аквапаркында болгон каргашалуу окуядан кийин мектептин завучу жана 6 мугалими иштен алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Ала-Тоо" аквапаркында сууга чөгүп кеткен окуучунун өлүмүнөн кийин шаардык мэрия комиссия түзгөн. Ага райондук билим берүү борборунун, акимчиликтин жана профсоюз комитетинин кызматкерлери кирген. Комиссиянын чечими менен окуучуларды аквапаркка алып барууну уюштурган мектеп завучу жана 6 мугалим Эмгек кодексине ылайык иштен алынды. Ошондой эле мектеп директоруна да коопсуздук чараларын, балдардын укугу менен саламаттыгын көзөмөлдөбөгөнү үчүн чара көрүү каралды.

Комиссия аныктагандай, мугалимдер окуучуларды аквапаркка алып барууну уюштурганын мектептин администрациясы жана балдар менен иштөө инспекциясы кабардар болгон эмес. Мындан улам окуя болгон жерде балдар менен иштөө инспекциясы болгон эмес. Аквапаркка жалпысынан 232 окуучу, 9 мугалим жана 9 ата-эне барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан