Кечээ, 8-июнь күнү президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушунун башталышына старт берип, гидротоннель түшчү жерде жардыруу болду.
Өлкө башчы “Камбар-Ата-1” ГЭСи келечекте кыргыз элинин, мамлекеттин жана кийинки муундардын бакубатчылыгы үчүн иштей турган долбоор экенине басым жасады.
Садыр Жапаров өз сөзүндө долбоордун негизги курулушуна даярдык көрүү иштерине бюджеттен 412,8 миллион сом бөлүнгөнүн, мындан тышкары дагы 1 жарым миллиард сом акча каражатын бөлүү маселеси чечилгенин айтты.
Бөлүнгөн каражат ГЭС курула турган аянтка баруу үчүн транспорттук тоннель, Нарын дарыясынын эки жээгин бириктире турган көпүрө, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, автожолдорду жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат.
"Бүгүн биз өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуучу Орто Азия аймагындагы эң ири гидроэлектростанциясынын курулуш ишин баштап жатабыз. "Камбар-Ата-2" ГЭСин эске албаганда, 30 жыл ичинде жаңы ГЭС курулган эмес. Ошондуктан кубаттуулукту көбөйтүү милдети курч турат. "Камбар-Ата-1" ГЭСин ишке киргизип алсак, "Камбар-Ата-2" ГЭСин толук кубаттуулукта иштешине мүмкүнчүлүк түзөбүз. Андагы экинчи жана үчүнчү агрегатты пайдалана баштасак, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин жалпы кубаттуулугу артат. Жыйынтыгында бул эки маанилүү ГЭСибизди толук иштетип, кубаттуулугу 1000 мегаватт өндүрүүгө жетишебиз. Бул көлөм азыркы Токтогул ГЭСинде өндүрүлүп жаткан электр энергиясына барабар болот. Мындан тышкары "Камбар-Ата-1" ГЭСи иштеп калса, Кыргызстанга да, Борбор Азияга да пайдалуу болот. Тагыраагы, кошуна өлкөлөрдүн сугат суу маселелерин чечүүгө өбөлгө түзөт", - деди президент.
Ошондой эле Садыр Жапаров Токтогул районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүтүп калса, ал экинчи "Кумтөр" болот деп билдирген.
Президенттин белгилешинче, Кыргызстан Нарын дарыясынын болгону 10 пайызын сугат суу катары колдонот. Ал эми калганын кошуна өлкөлөр колдонушат.
"Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу боюнча энергетика тармагындагы эксперттер кандай ойдо?
30 жылдан бери ар бир бийлик аталган ГЭСти курууга убада берип, бирок бул долбоор оңунан чыкпай келген. Бул ирет долбоор ишке ашабы же айтылган бойдон эле калабы деген суроо менен энергетика тармагы боюнча эксперт Сапарбек Аргынбаевге кайрылдык.
“30 жыл ичинде бир дагы президент “Асман шаар” деп айткан эмес эле. Азыр бийликтегилер эч нерсе жасабай эле “Асман ГЭС” куруп, 30 жылда ала албаган Кумтөрдү алышып, ал “Асман Кумтөр” болуп калды. Дегеним, эл алдында жасалбаган ишти жасайбыз деп убада берип, ооз толтуруп сүйлөгөндөн башка эч нерсе жок. ГЭСти 10 жыл аралыгында курабыз деп жатышат, бирок ага каражатты кайдан алат же Максим береби, бул боюнча ачык маалымат жок. Андыктан бул кур сөз! Эгер курушса аларга алтындан эстелик коюш керек”, - деп сындады ал.
“Азыр “Камбар-Ата-1” ГЭСинин инфраструктурасын курабыз деп жатышат. Ишти ушинтип акырындан кыла берсек бүтөт деген ойдомун. Ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн ГЭС курулушуна катышуусу туура эле деп ойлойм”, - дейт эксперт Чоробай Акунов.
Баса, өткөн айда Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин тар чөйрөдөгү жолугушуусу болуп, жыйынтыгында өлкө башчылары 13 документке кол коюшкан. Бирок анда "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу боюнча келишим жок.
Ал эми энергетика боюнча талдоочу Карыпбек Алымкулов аталган ГЭСти курууга Кытай өлкөсү инвестиция салса жакшы болмок деп эсептейт.
“Казакстан менен Өзбекстан ГЭСти курууга кошулабыз дегенге көп ишене бербейм. Анткени биринчиден, инвестиция салууга алар керектүү акчаны таба албайт. Экинчиден, суу бөлүштүрүүдө көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Менимче, инвестицияны Кытайдан алсак туура болот го деп ойлойм. Себеби алардын ГЭСтерди куруу багытында тажрыйбасы чоң”, - деди ал.
“Камбар-Ата-1” ГЭСи тууралуу:
“Камбар-Ата-1” ГЭСин долбоорлоо 1985-86-жылдары башталган. Тагыраагы, “Камбар-Ата-1” жана “Камбар-Ата-2” ГЭСтерин курууга даярдык иштери “Гидропроект” институтунун Ташкенттеги бөлүмү тарабынан даярдалган. Бирок СССРдин кулашы менен ГЭСти куруу долбоору каржыланбагандыктан даярдык иштери токтоп калган.
2012-жылы Кыргызстан менен Орусия “Камбар-Ата-1” ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, аталган ГЭСти орусиялык “РусГидро” ишканасы кура турган болгон. Бирок 2016-жылы кыргыз бийлиги макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган.
2017-жылы өзбек лидери Шавкат Мирзийоев “Камбар-Ата” ГЭСин курууга каршы эместигин айткан жайы бар.
Баасы жана кубаттулугу
“Камбар-Ата-1” ГЭСи кубатуулугу боюнча 1860 мВтты түзүп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын иштеп чыгат. Салыштыруу үчүн айтсак, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 мВт, жылына 4 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт.
Плотинанын бийиктиги 256 метр, ал эми суу сактагычтын көлөмү 5,4 миллиард куб метрге жетет.
“Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоору алты этаптан турат. Ага ылайык, жалпы курулуш иштери 8-10 жылдык убакыттын ичинде бүтүшү мерчемделген. Долбоордун жалпы сметалык баасы 2 миллиард 916 миллион 400 миң долларды түзөт.
№ |
Окуялардын аты |
Болжолдуу наркы, миллион АКШ доллары |
Болжолдуу мөөнөттөрү |
1 |
1-этап: “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоорунун объекттеринин курулушун жандандыруу мезгилине кыска мөөнөттүү программасы |
18,87 |
2022-2025-жж. |
2 |
2-этап: Долбоорлоо-изилдөө иштерин иштеп чыгуу, Нарын дарыясын тосуу үчүн суу өткөрүүчү тоннелдерди куруу жана ишке киргизүү. 1200 м деңиз деңгээлине чейин таш-топурак дамбаны тургузуу жана 1-ГАны жүргүзүүгө суу толтуруу |
572,53 |
2025-2030-жж. |
3 |
3-этап: Долбоорлоо-изилдөө иштерин иштеп чыгуу, ГЭСтердин имараттарын, эксплуатациялануучу суу өткөрмөлөрүн куруу, аталган ГЭСтин №1 ГА өндүрүштүк деңгээлде ишке киргизүү. Суу сактагычты акырындык менен долбоордогу дэңгээлине чейин толтуруу |
413,18 |
2030-2032-жж. |
4 |
4-этап: Долбоордук көлөмдө таш-топурак плотинасын, турбиналык суу жүрмөлөрүн, ГЭСтин имаратны курууну аяктоо. ГА-2 өндүрүштүк деңгээлде ишке киргизүү |
259,11 |
2032-2033-жж. |
5 |
5-этап: “Камбар-Ата-1” ГЭСинин 3 жана 4-гидроагрегаттарын өндүрүштүк деңгээлде ишке киргизүү |
404,45 |
3033-ж. |
6 |
6-этап: Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө курчап турган чөйрөнү мелиоративдик жана экологиялык талаптарды аткаруу менен калыбына келтирүү, ГЭСтин курулушун аяктоо |
18,54 |
2034-ж. |
7 |
Өндүрүш объектилеринин жалпы наркы (2-бөлүм) |
1686,68 |
|
8 |
2-бөлүмсүз сметалык эсептөөлөр |
1229,72 |
|
9 |
Жалпы сметалык баасы |
2916,4 |