Мындан 12 жыл мурун, тагыраагы 2010-жылы 10-июнда түнкү саат 22:00 чамасында Ош шаарынын "Алай" мейманканасынын жанында жаңжал чыккан.
Ага чейин белги катары мечиттерден үн чыгаруучу аппарат аркылуу азан айтылып, салют атылганын шаардын тургундары айтып беришкен. Тополоң андан ары курчуп, ок атышуулар менен уланган. Куралданган белгисиз адамдардын тобу имараттарды, үйлөрдү талкалап, өрт коюп, туш келген адамдарга кол сала башташкан. Окуянын тез жана курч өнүккөнүнөн улам "алдын ала даярдалган" деген ойлор айтылган. 11-июнда түнкү саат 2де убактылуу өкмөт чукул декрет кабыл алып, Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыялаган жана таңкы саат 06:00гө чейин коменданттык саат киргизген. Ошко аскер кызматкерлери жана аскер техникасы киргизилген.
Трагедиялуу окуяны иликтеген улуттук комиссиянын 2010-жылы 10-декабрда жарыялаган отчётунда Июнь окуясында Ош жана Жалал-Абад облусунда 420 адамдын денеси табылганы, анын 381инин ким экендиги аныкталганы жазылган. Анын ичинде аскерлер жана милиция кызматкерлери дагы бар. 1925 адам ар түрдүү жаракаттарды алса, 925и октон жаракат алган. Расмий эмес маалыматтар боюнча, жаңжал чыккан күнү 800дөй адам каза болгону айтылат.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, укук коргоо органдары тарабынан Июнь окуясы боюнча жалпы 5 миң 646 кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жыйынтыктарынан улам 532 жаранга карата иш козголгон, 336 кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Алардын 488и соттун чечими менен ар кандай жазаларга тартылган. Ал эми 3 миң 900 кылмыш иши убактылуу токтотулган. Козголгон кылмыш иштердин көпчүлүк бөлүгүн уурулук боюнча фактылар түзгөн. Ал эми жоготулган курал-жарактардын ичинен 195 ок атуучу курал, 25 миң 330 ок-дары, 30га жакын аскердик шаймандар табылган.
10-июнга карата жылнаама.