"Ала-Тоо" аквапаркында каза болгон окуучунун апасы окуяга жооптуу адамдар жазаларын алышын суранат

Балдардын укуктарын коргоо лигасынын директору Назгүл Турдубекова "Ала-Тоо" аквапаркында сууга чөгүп каза болгон окуучунун апасы Асель Акылбек кызы менен жолукту. Бул тууралуу укук коргоочу социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бүгүн эртең менен Атайдын (ред., каза болгон окуучунун аты) апасы менен жолуктум. Ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү, буту протезделген. Өзү баса албайт. Ага юристтин жардамы керек. Мектептин өзүнө, Аквапаркка да суроолор көп.
Комиссиянын корутундусун күтөбүз. Эгер жыйынтык чыкпаса, балким, коомдук комиссия түзөбүз", - деп жазган укук коргоочу.
Ал эми каза болгон окуучунун апасы окуяга жооптуу адамдар тиешелүү жазасын алса деген өтүнүчүн билдирген.
"Бир гана ошол күнү (ред., 6-июнда) иш-чараны уюштурууга жооптуу болгон адамдар тиешелүү жазаларын алышын каалайм", - деген ал.
Маалымат үчүн:
6-июнда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кетип каза болгон. Окуя боюнча шаардык мэрия комиссия түзгөн. Каргашалуу окуядан кийин мектептин завучу жана 6 мугалими иштен алынды. Ошондой эле мектеп директоруна да коопсуздук чараларын, балдардын укугу менен саламаттыгын көзөмөлдөбөгөнү үчүн чара көрүү каралды. Комиссия аныктагандай, аквапаркка жалпысынан 232 окуучу, 9 мугалим жана 9 ата-эне барган. Каргашалуу окуядан 3 күн өткөн соң аквапарктын администрациясы комментарий берген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан