Бүгүн, 12-июнь күнү Билим берүү жана илим министрлигинин имаратынын алдында №95 мектептин окуучуларынын ата-энелери митингге чыгышты.
Ата-энелер №95 мектептин директору Айгүл Шимованы жоопко тартууну жана анын финансылык иштерин териштирүүнү талап кылышууда. Катышуучулар ошондой эле 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон аквапарктын администрациясына тиешелүү жаза берүүнү суранышууда.
Маалымат үчүн:
6-июнда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кетип
каза болгон. Окуя боюнча шаардык мэрия комиссия
түзгөн. Каргашалуу окуядан кийин мектептин завучу жана 6 мугалими иштен алынды.
Ошондой эле мектеп директоруна да коопсуздук чараларын, балдардын укугу менен саламаттыгын көзөмөлдөбөгөнү үчүн чара көрүү каралды. Комиссия аныктагандай, аквапаркка жалпысынан 232 окуучу, 9 мугалим жана 9 ата-эне барган. Каргашалуу окуядан 3 күн өткөн соң аквапарктын администрациясы комментарий
берген.