Окуучу сууга чөгүп каза болгон окуя: "Ала-Тоо" аквапаркынын куткаруучусу кармалды

"Ала-Тоо" аквапаркында сууга чөгүп каза болгон окуучунун окуясы боюнча "Ала-Тоо" аквапаркынын куткаруучусу кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов билдирди.

"Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасынын көрсөтмөсү менен милиция кылмыш ишин козгоду. Аквапарктын куткаруучусу кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда. "Ала-Тоо" аквапаркынын бардык кызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берилет", - деди Камолидинов.

Эскерте кетсек, кечээ, 6-июнда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кетип каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан