Бүгүн, 14-июнда Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алды. УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашкандай, эртең менен саат 06:50-07:00 чамасында Тажикстандын "Кех" чек ара постунан Булак-Башы аймагына ок атылган. Кыргыз тарап да жооп иретинде ок чыгарды.
"Эки өлкөнүн чек арачылары дароо аскердик позицияга өтүштү. Кыргызстандын Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү менен Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара өкүлү телефон аркылуу сүйлөшүп, ок атышуу болгон жерге тараптардын чек ара отряддарынын жетекчилери жөнөп кетишти. Саат 07:50дө тажик тарап гранатомёт жана миномётторду колдонуу менен кайрадан аткылоону баштаган. Саат 08:10до атышуу токтоду. Ушул тапта тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, атышуулардын себептерин тактоо жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө иштери жүрүп жатат.
Саат 08:40ка карата Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу бойдон калууда. Кыргызстандын Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу боюнча бардык тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат", - дешет мекемеден.