Окуучуларга диндердин өнүгүү тарыхы сабагын тарых мугалимдери бере алат. Коюлган талаптар

Кыргыз жергесинде 1-сентябрдан баштап 9-класстын окуучуларына "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы өтүлө баштайт. Учурда аталган сабакты берүү үчүн мугалимдерди тандап алууга сынак жарыяланды.

Аталган сынак тууралуу кыргыз билим берүү академиясынын мектептик билим берүү лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери, педагогика илимдеринин кандидаты Муратбек Иманкуловга байланышып, сурап көрдүк.

Анын айтымында, окуучуларга диндердин өнүгүү тарыхы сабагын теологдор жана тарых сабагынан берген мугалимдер бере алышат. Бирок аларга шарттар коюлган.

"Мугалимдерди тандап алууда эки критерийге көңүл бурулду. Биринчиси теолог-дин таануучулар сабак бере алат. Бирок алар иштөөсү үчүн алардын педагогикалык диплому же сертификаты бар болушу зарыл. Алардын көпчүлүгүндө бул нерселер жок. ИИМ, УКМК алардын түрдүү радикалдуу топтордо, диний секталарда катыштыгы жок экенин текшеришет. Алардын текшерүүсүнүн корутундусу менен иштөөгө уруксат берилет. Бирок алар педагогикалык билимин өнүктүрүү боюнча атайын курсттардан өтүшөт.

Ошондой эле аталган сабакты тарых мугалимдери дагы бере алышат. Алар диндердин тарыхы, андагы көйгөй тууралуу курсттарды окушат. Курсттар аркылуу адистер билимдерин толуктай алат. Курстарды министрлик уюштуруп берет.

Мугалимдерди тандап алуу сынактары июль-август айында өтүшү керек. Теолог-дин таануучулар сынакка катышуу үчүн жашаган аймагы боюнча райондук билим берүү башкармалыктарына кайрылат. Алар дин комиссия аркылуу келет. Атап айтканда, ИИМ, УКМКдан текшерүүдөн өтүп, корутундусун колуна алып андан соң билим берүү башкармалыктарына барышат. Андан кийин педагогикалык сертификат алуу үчүн курстан өтүшөт", - деп билдирди ал.

Арыз берген талапкерлерден төмөнкүлөр талап кылынат:

  • Теология багыты боюнча жогорку кесиптик билим деңгээлинин же тарых мугалими квалификациясы бар жогорку педагогикалык билиминин болушу.
  • эмгек китепчеси;
  • мектептин директорунун атына мугалимдин арызынын болушу;
  • иштеген жеринен сунуштама кат;
  • 3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт.

Мындан тышкары окуучуларга аталган сабакта диндин тарыхы тууралуу билим берилерин кошумчалап өттү.

"Бул сабакта окуучуларга диндин тарыхы, анын негиздери, адеп-ахлах, руханий баалуулуктар тууралуу маалыматтар берилет", - деп кошумчалады ал.

1-сентябрдан баштап 9-класстын окуучулары жумасына 1 саат диндердин өнүгүү тарыхы сабагын окуп баштайт.

Маалымат үчүн: 2022–2023-окуу жылынан баштап жалпы билим берүү уюмдарда "Диндердин өнүгүү тарыхы" предмети киргизилет. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан