Акыркы коңгуроодо мугалимдерин сындаган окуучу: Ал бүтүрүүчү эмес

Кечээ социалдык тармактарда орто мектептердин биринде акыркы коңгуроо аземинде бүтүрүүчү өзү окуган мектеби жана мугалимдери тууралуу пикирин ачык айтып жатканы талкуу жараткан болчу. Анда окуучу мектепте айласыздан окуганын айтып, билим берүү системасын, мугалимдерин сындаган. Бүгүн интернетте бүтүрүүчү аталган видео пранк үчүн тартылганын айтып чыккан.

Видео Сузак районундагы №22 Гайдар атындагы мектепте тартылганы белгилүү болду. Жогорудагы видео боюнча Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усеновго байланышканыбызда сын айткан бүтүрүүчү учурда аталган мектептин окуучусу эместигин билдирди.

"Окуучунун аты-жөнү Нурбек Усенов. Ал биздин окуучу эмес. Тагыраагы, 2022-жылдын январь айынын башында Жалал-Абад шаарына которулган. 4-январда кечки мектепте окуп жатат деген маалымкат алып келип ошонун негизинде 11-январда окуудан чыгарылган.

Мектепте окуган мурунку классташтарына келип, акыркы коңгуроо салтанатына катышкан. Ал жерде сөз сүйлөп (видеодогу) бүтөрү менен пранк деп айткан экен. Ал жери видеого түшпөй калыптыр.

Физкультура мугалими боюнча. Ал 2 жылдан бери намаз окуйт. Ичимдик ичпейт. Мурун жубайы каза болуп, жашоо-шартка байланыштуу ичимдик ичкен учурлары болгон экен. Бирок эч качан мектепке мас абалында келген эмес. Окуучулар деле күбө боло алат. Англис тили мугалими мектептин алдынкы, өз ишин так билген мугалими болгон.

Ал окуучуга эч кандай кысым болгон жок", - деп билдирди.

Райондогу №22 Гайдар атындагы мектепте кыргыз, өзбек, орус тилинде билим берилет. 1500дөн ашык окуучу окуйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан