"Айла жоктон гана окуп жүргөм". Интернетте бүтүрүүчү акыркы коңгуроодо мугалимдерине сын айтканы талкуу болууда
Интернет айдыңында орто мектептердин биринде акыркы коңгуроо аземинде бүтүрүүчү өзү окуган мектеби жана мугалимдери тууралуу пикирин ачык айтып жатканы талкуу болууда.
Видеодо көрүнгөндөй, окуучу мектепте айласыздан окуганын айткан.
"Мага мурдатан эле ушул мектептин системасы жаккан эмес. Айла жоктон гана окуп жүргөм. Башка вариант болгон эмес. Бардык мектептерди айта албайм. Биздин мектепте англис тили сабагы окутулганы менен жыйынтык нөл же бир пайыз. Мындан сырткары дене тарбия мугалиминен сабак учурунда спирт ичимдиги жыттанып келгени уят. Ал эми танапис учурунда окуучулардын көзүнчө тамеки чегип турган мугалимдер окуучуларга "тамеки чекпегиле" деп айтууга моралдык укугуңар жок", - деген бүтүрүүчү.
Ошондой эле ал билим берүү системасы 10 жыл мурун кандай болсо, азыр деле өзгөрбөгөнүн кошумчалаган.
Интернетте бүтүрүүчү акыркы коңгуроодо мугалимдерине сын айтканы талкуу болууда.

Азыр кыздар эмес, эркектер ушундай ушакчыл, өзүмчүл, эки жүздүү, саткын, майдачыл болуп кетишкен.
Кыргызстанга кандай окуу системасын киргизбе, балдар-кыздар өздөрү китеп бетин ачышпайт. Көпчүлүгүн билимге эч кызыгуусу жок.
Изденген адам, өзү аракет кылып билим алат. Азыр каалооң болсо окуучуларга баары жеткиликтүү.
Илон Маск, Марк Цукерберг, Билл Гейт сыяктуулар мугалимдин артына суу куйбай эле, өздөрүнүн акылы, аракет, изденүү менен дүйнө жүзүн багындырышты.
Ушулардан үлгү алгыла окуучулар.
Эгерде , Озунун Жеке Ою болсо Колундагы Соткасына карап Окубай эле Кашкайып туруп айтса Мен Колдомокмун!
А так, КУКЛА (((